www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өзбекстандагы «Саховат ва кумак» (Мээрим жана колдоо) фонду 300 миңден ашуун үй-бүлөгө каржылай колдоо көрсөттү. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.
Маалыматка караганда, фондго ушул тапта 194,6 млрд сум (19 млн доллардан ашык) түшкөн. Бул каражаттын эсебинен 11,7 млн доллар 300 миңден ашуун үй-бүлөгө жардам иретинде бөлүнгөн. 7 млн доллар 67 296 үй-бүлөгө акчалай түрдө берилген. Калган каражат дары-дармек, беткап, антисептик жана азык-түлүк түрүндө таратылган.
Өзбек тектүү орусиялык миллиардер Алишер Усманов фондго 5 миллион доллар которгон.
Бул каражат социалдык колдоого муктаж 19 009 кишиге 250 доллардан бөлүнүп берилген. Тизмени Анжиян, Наманган, Ташкент шаары жана Ташкент облуунун акимчиликтери түзгөн.
Булак: NazarNews.kg