www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тажикстанда 20-июндан баштап үйлөнүү тоюн өткөрүүгө уруксат бериле баштайт. Бул тууралуу өкмөттүн маалыматына шилтеме берип,  тажик басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, үлпөт тойлорго катышып жаткандардын саны 100 адамдан ашпаш керек деген талап коюлган. Республикалык штабдын 17-июнда өткөн жыйынында ушундай чечим кабыл алынды. Бирок ошол эле маалда той ээси бардык жоопкерчиликти өзүнө алып жатканын түшүнүүсү керек. Алсак, мурункудай коноктордун саны көп болбой, санитардык-гигиеналык талаптарды аткарган шартта гана той өткөрүүгө уруксат берилет.

Мындан тышкары штабдын жыйынында айрым эл аралык аба каттамдарын жандандыруу чечими кабыл алынды. Ага ылайык, 1-июлдан баштап Өзбекстанга жана Дубайга болгон аба каттамдар ачылат. Бирок жүргүнчүлөрдүн жанында коронавирус жок экендигин тастыктаган аныктамасы болуусу шарт.

Акыркы маалыматтар боюнча, Тажикстанда коронавирус илдетин жуктуруп алгандардын саны 5 миң 211 адамга жетти. 3 миң 700 бейтап айыгып чыкса, 51 адам илдеттен улам көз жумган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости