www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москва шаардык соту полициянын прапорщиги Алексей Смирновго карата өкүм чыгарды. Смирнов 1 жарым жыл мурун Россия ИИМинин өздүк коопсуздук кызматкерлерине тапанчасынан ок чыгарган. Анын кесепетинен бир адам көз жумган.

«РИА Новости» басылмасы билдиргендей, бүгүн, 5-апрелде Смирнов сот тарабынан 19 жылга эркинен ажыратылды. Анын ичинен 9 жыл түрмөдө болсо, калган жазасын — 10 жыл күчөтүлгөн тартиптеги колонияда болот.

Окуя тууралуу:

Москва шаарында Россия ИИМинин коопсуздук кызматкерин өлтүрүүгө шектелип жаткан полициянын улук прапорщиги Алексей Смирнов Кыргызстандын жаранынан (эркек киши) акча талап кылган.

Коопсуздук кызматынын куралы жок 2 кызматкерине карата ок аткан прапорщик пара талап кылууга байланышкан бир нече факт боюна айыпталган. Жабырлануучулардын алгачкысы Россиянын борборунда катталбай жашап жүргөн филиппиндик аял болгон.

Жалпыга маалымдоо каражаттарындагы маалыматтар боюнча, Смирнов 18-сентябрда «Рязанск проспектиси» метросунда Кыргызстандын жаранынан эки ирет акча алган. Биринчи акча алуу фактысы прапорщик өзү нөөмөттө турган станциядагы видеокамераларды текшерген учурда ачыкка чыкса, экинчи жолкусунда иш бөлмөсүндө кармалган.

Коопсуздук кызматынын өкүлү Максим Веялко менен Алексей Лимонов прапорщик акча талап кылганы тууралуу Кыргызстандын жаранынан маалымат алышкан. Алар шектүүнүн иш бөлмөсүнөн текшерүү иштерин башташкан.

«Улук лейтенант Веялко жүз аарчыга оролгон 2 миң рублди көрсөткөндө прапорщик дароо тапанча алып, ага ок аткан. Веялко оор жаракаттын кесепетинен ошол жерде көз жумду», - деп айтылат жалпыга маалымдоо каражаттарында.

Анын жанындагы кесиптеши Лимонов оор абалда ооруканага жаткырылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости