www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жакыр адам тез карыйбы же миллионер адамбы?

Кыргыздын супер байларын эстегенде «Эмгек» партиясынын кожоюну Аскар Салымбеков эске түшөт. Аскар Салымбековду эстегенде дайым ага тишин кайрап турган «Өнүгүү-Прогресс» фракциясынын «чимкирик» депутаты Камчыбек Жолдошбаев эске түшөт. Турмуштан маалым, жаш курагы тең эки кишинин эстутуму окшош болбойт, алар шамдагайлыгы жагынан да айырмаланып турушат. Кимисинин эстутуму начар жана кубаты аз болсо, ал кишинин «биологиялык жашы» улуу болот. Илимпоздор орто курактагы 5500 киши менен өткөргөн изилдөөнүн жыйынтыгы мындай. Алар изилдөөгө катышкан кишилердин ал-акыбалын жана акыл-эс жөндөмүн текшеришкен. Бул адамдардын акыбалына - муштумун кандай күч менен түйгөнүнө, 30 секундда канча жолу отуруп-турганына, ордунан канчалык бийик секиргенине карап баа берилсе, акыл-эс жөндөмү боюнча тестте, мисалы, фотосүрөттөрдүн иретин кандай эстеп калганы жана организмдин сезгенүүчү реакциясы текшерилген.

Иммундук системанын сезгентүүчү реакциясы кишиге кандайдыр бир инфекциянын жукканын, ошондой эле организмдин жаш курагына байланыштуу өзүн сезишин кабарлайт. Киши картайганда сезгентүүчү реакциясы күчөп, организм өзүн мурдакыдай шайдоот сезбей калат. Окумуштуулар кишинин биологиялык жашы социалдык-экономикалык шарты менен кандай байланышта экенин алардын соңку 22 жылдагы жашоо жагдайынын негизинде талдап көрүшкөн. Жетилген курагынан тартып жалпысынан төрт жылдан кем эмес жакырчылыкты баштан кечиргендер сыноо тестин начар аткарышкан. Алар өмүр бою бакубат жашагандарга караганда 30 секундада отургучтан аз отуруп-турушкан; муштуму жумшак түйүлгөн же бир нерсени беркилерге салыштырганда бош кармашкан жана сезгентүүчү реакциясы күчтүү болгон же организми тез сезгенген. Окумуштуулардын айтымында, жакырчылыкты балдар жеңил көтөрүшү ыктымал. Бирок ата-эненин сабатсыздыгы наристенин мээсинин өнүгүшүнө тескери таасир этет.

Киреше кишинин биологиялык жаш курагынын улгайышына таасир этерин АКШнын Картаюуну изилдөө институту жарыялаган изилдөө да тастыктаган. Институттун окумуштуулары орточо курагы 49 жаштагы 100 негр аялдын социалдык абалы алардын улгаюусуна кандай таасир эткенин 1997-2020-жылдар арасында изилдешкен. Алардын 70% үй-бүлөдөгү жылдык кирешеси киши башына 3900 долларга жеткен эмес. Бул топтогулар башкаларга же кирешеси чоңдорго салыштырганда тез карыганы, ал эми жылдык кирешеси киши башына алганда 15 миң доллардан өйдө болгондордун организминин картайышы жайбаракат жүргөнү аныкталган. Банктын аманатын же насыяны, коммуналдык тейлөө акылары сыяктуу ай сайын төгүлүүчү төлөмдөрдү төлөөдөгү кыйынчылыктар да кишинин биологиялык жашынын тез өсүшүн шарттай турганы белгиленет.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости