www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

4-апрелде Иракта америкалык аскерлер жайгашкан Балад авиабазасынан алыс эмес жерге эки ракета кулап түштү. Чабуулда адам курмандыгы болгон эмес.

Баштапкы иликтөө бул ракеталык чабуулдун мээлеген жери Багдад шаарынан түндүктө жайгашкан Балад авиабазасы болгонун көрсөткөн. Бирок ракеталар ага жетпей кулап, борбордун түштүк-чыгышындагы Аль-Бу-Аси кыштагына түшкөн. Бул тууралуу Ирактын коопсуздук күчтөрүнүн өкүлдөрү кабарлашты.

Азырынча бул чабуулду ким уюштурганы белгисиз. Буга чейин АКШнын расмий адамдары ракеталык чабуулдардан улам Иран колдогон куралдуу кошуундарды айыптап келген. Буга чейин мындай соккуларга Багдаддагы АКШ элчилиги, аны кайтарган ирактык күзөтчүлөр менен америкалык аскерлер дуушар болгон.

Иран менен байланышы бар куралдуу топтор Ирактагы чет элдик аскерлерди баскынчы катары мүнөздөп, аларды өлкөдөн чыгарууну талап кылып келет.

Иракта «Ислам мамлекети» террорчул тобуна каршы күрөшкөн АКШ баштаган коалициянын 2,5 миң аскери жана Ирактын коопсуздук күчтөрүн машыктырган НАТОнун атайын миссиясы бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости