www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Мен бейөкмөт уюмдарын ачык эле колдогон депутаттарды көргөм”, - деди NazarNews маалымат агенттигине экс-министр, саясатчы Камила Талиева.

--“Баарыбызга белгилүү болгондой бейөкмөт уюмдарынын артында чоң күчтөр турат. Мисалы, мен депутат кезимде айрым депутаттардын смс билдирүүлөрүн окуп калгам. Бир депутат бир бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрүнө “митингге чыга бергиле, өзүм жооп берем, коркпогула” деп жазышыптыр. Буга окшогон көптөгөн чиновниктерди билебиз. Биздин карапайым элге үлгү болчу адамдар ушундай жолго барып жатса анан коом каяка барат? Кыргыздын каада-салтына туура келбеген жат көрүнүштөр ушул бейөкмөттөрдүн айынан болуп жатат. Жүрүштөрдү колдогон айрым саясатчылар иш-чараны коргоп берген ички иштер министрлигине ыраазычылыгын билдиришкен учурлары болгон. Анан ушундай көрүнүштөрдү көрүп, билип эмне кызыкчылыгы бар деген ойго келесиң? Ошондуктан ар бир адамга руханий байлык берсин. Улутубузду баалуу боюнча сактап калсак”, - дейт экс-министр.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости