www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык жигиттер «каскадёрлордун Оскарын» алышты

Курамында үч кыргызстандык бар «Nomad Stunts» эл аралык каскадёрлор тобу Taurus кино сыйлыгын алды.

Алар 2020-жылы жарыкка чыккан Казакстандын «Томирис» тарыхый тасмасына тартылышкан.

Каскадёрлордун бири Жамил Жуматаев журналисттерге муну «каскадёрлордун Оскары» деп эсептесе болорун билдирди. Анын айтымында, мындай сыйлык каскадёрдук иштерге «Оскар» берилбегендиктен, америкалык кино таануучулар тарабынан өзүнчө негизделген.

«Сыйлык америкалык каскадёрлорго ыйгарылат, бирок «Чет элдик тасмалардагы экшн» категориясы дагы бар. Бул америкалык кино академиктердин жогорку баасы, себеби Борбор Азияда мындай сыйлыкка эч ким жетише элек болчу», - деди Жуматаев.

Кыргызстандык экинчи каскадёр Эдил Молдалиев алар ушул тармактын мыкты чебери Үсөн Кудайбергеновдун шакирттери экенин белгиледи.

«Бир нече долбоорлор менен иштейбиз, арасында Голливуд дагы бар. Бизди универсал деп атоого болот. Көбүнчө чет өлкөлөрдө иштейбиз, анткени Кыргызстанда экшн камтылган тасмалар азыраак тартылат. Мекенибизде «Курманжан датка» жана «Көк бөрү» кинолорунда ат үстүндөгү трюктарды аткарганбыз», - деди Молдалиев.

Онлайн сыйлоо аземи 2020-жылы декабрда өткөн. Ал эми бийиктиги 80 сантиметр, салмагы 12 килограмм болгон статуэтка жакында эле Алматыга келип, ээлеринин колуна тийген.

Булак: NazarNews.kg


 

 

Последние новости