www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Алмазбек Атамбаев Райымбек Матраимов сыяктуу кыйын кадрларга бут тосту. Мындай пикирди Нарын облустук аялдар кеңешинин төрайымы Бактыгүл Жумабаева NazarNews маалымат агенттигине бүгүн, 12-февралда билдирди.

--“Баарыбызга белгилүү болгондой кечээ Райымбек Матраимовго карата соттун чечими чыкты. Бул адамга Алмазбек Атамбаев кезинде бут тосту деп эсептейм. Себеби, жакшы иштеп жаткан кыйын кадларга Алмазбек Атамбаев көп тоскоолдук жаратып, артка тартты. Аларды көрө албай койду. Аягында кылмыш ишин козготуп, айрымдарын каматты. Мисалы, Нариман Түлеев Бишкек шаарынын  мэри болуп турганда аябай жакшы иштептир. Шаардыктардын көпчүлүгү анын иштегенине ыраазы экен. Ал эми экс-депутат Карганбек Самаков кандай жакшы эмгек кылды. Ошону менен катар, кыргыз элинин улуттук кийимдерин даңазалап, өз каражаты менен аларды дүйнө элине чейин таанытты. Ал эми Райымбек Матраимов Бажы кызматынын төрагасынын орун басары болуп жакшы эле жүргөндө ага асылып, мыйзамсыз иштен алды. Аны каралап “мамлекетке зыян келтирди” деп күнөөлөп жүрдү. Бирок, эч кандай кынтык табылган жок. Ал төраганын жөнөкөй гана орун басары экен, өзүнүн адамы Кубанычбек Кулматов төрага болчу. Эмнеге аны суракка алып, күнөөлөбөйт. Бул жерде көрө албастык бар. Ал кыйын кадрларды алдына чыгаргысы келбейт экенин тастыктады. Ошондой эле, өзүнүн жакын досу Сооронбай Жээнбековду президент кылды, аны колдоп коштоп иштеткендин ордуна, ага дагы асылды. Аягы жаман иш менен бүттү. Андыктан менин айтаарым Матраимов сыяктуу мыкты кадрларды жетекчилик кызматка коюп, аларды колдосок”, - дейт Жумабаева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости