www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын 6 жараны Бурятияда кулчулукта жүргөн

Кыргызстандын 6 жараны Бурятияда кулчулукта жүргөн. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, июндун башында Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Иркутск шаарындагы кеңсесине Бурятиянын Мухоршибирск районунун Нижний Шатай айылында жайгашкан жеке чарбанын аймагында Кыргызстандын жарандарын мыйзамсыз кармоо фактысы жөнүндө маалымат келип түшкөн.

Белгилүү болгондой, кыш мезгилинде Кыргызстандын алты жараны келишимдик негизде Бурятияга келишкен. Аларга жумуш таап берген ортомчу Кыргызстандын жараны болгон. Эмгек акы төлөө жана иштөө шарттары жөнүндө макулдашууга карабастан, жергиликтүү иш берүүчү мекендештерибиздин укугун бузуп, алардын паспортторун да тартып алган.

2021-жылдын 14-июнунда Россиянын Ички иштер министрлигинин Бурятия боюнча башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин көмөгү менен кыргызстандыктарга паспорттору кайтарылды. Эртеси күнү алты жарандын үчөө жумуш ордун таштап кетишти. Ал эми 18-июнда калган 3 кыргызстандык жеке чарбанын аймагынан чыгарылды. Учурда алар Улан-Удэ шаарындагы мейманканага жайгаштырылып, диаспоралар тарабынан бардык жардамдар көрсөтүлүүдө.

Бул факт боюнча учурда Бурятиянын укук коргоо органдары тергөө алдындагы териштирүү иштерин жүргүзүп жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости