www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 23-июнда Жогорку Кеңештин кезектеги жыйын өтүп жатат. Анда «Ата Мекен» фракциясынын өкүлдөрү ич ара чырдан улам уруша кетишти. Жыйынтыгында алар жыйындар залынан чыгып кетишти.

Белгилей кетсек, буга чейин «Ата Мекен» фракциясынын лидери алмашкан.

Ал эми бүгүнкү жыйында депутат Наталья Никитенко «Ата Мекен» фракциясынын лидери алмашканы боюнча айтты. Ошону менен катар эле фракция лидери Сайдулла Нышановго ишенбөөчүлүк көрсөтүү чечими кабыл алынганын билдирди.

Сайдулла Нышанов анда добуш жетпей калганын белгиледи. «Мыйзамды сыйлашыбыз керек. Юридикалык бөлүм мага бул боюнча жыйынтык берип койсо туура болот», - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости