www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын мамлекеттик бюджетинин кирешеси 10% азайды

2020-жылдын жети айында Кыргызстандын мамлекеттик бюджети 76,3 миллиард сомду түздү. Бул бир жыл мурунку ушул мезгилге салыштырмалуу 10,1% же 8,6 миллиард сомго аз. Бул тууралуу Финансы министрлигинин маалыматында айтылат.

Быйыл январь-июль айларында мамлекеттик бюджеттин кирешеси боюнча план дээрлик 90% аткарылып, казынага 8,9 миллиард сом түшпөй калды.

Салык кирешеси 53,4 миллиард сомду түзүп, пландагыга караганда 12,9 миллиард сомго аз жыйналды.

Мамлекеттик бюджеттин салыктан тышкары кирешеси 17 миллиард сомду түзүп, 106,3% аткарылган. Бул былтыркыга салыштырмалуу 5,1% көп.

Финансы министрлигинин маалыматына караганда, айыппулдардын, ыктыярдуу трансферттердин жана гранттык каражаттардын эсебинен салыктан тышкары киреше көбөйгөн.

Коронавирус эпидемиясынан улам май айында өкмөт өлкө бюджетин кайра караганга мажбур болгон. Жыйынтыгында бюджеттеги таңкыстык 28,4 миллиард сомду түзүп, эгемендик жылдардагы рекорддук көрсөткүчкө жетти.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости