www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын муфтийи качан шайланары белгилүү болду

Үстүбүздөгү жылдын 5-апрелинде Кыргызстан мусулмандарынын кезектеги VII курултайы өтөт. Бул туурасында муфтияттын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, бул күнү муфтий кызмат ордуна, Аалымдар кеңешине жана Борбордук текшерүү комитетине өкүлдөр шайланат.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчилигине сегиз адам ат салышууда.

Февраль айында УКМК зыяратчылардан түшкөн акчаны жеке кызыкчылыгы үчүн пайдаланган деп муфтийдин эсепчисин кармаган. Андан кийин муфтий Максатбек ажы Токтомушев кызматтан кетүү боюнча арыз берген.

Атайын кызмат тараткан билдирүүдө муфтияттагылар ишти жаап-жашыруу үчүн 100 миң доллар пара сунуштаганы да айтылган. Ушул эле күнү Максатбек Токтомушев дагы кармалган. Бишкектин Биринчи май райондук соту анын баш коргоо чарасын карап, сыртка чыкпоо боюнча тил кат менен бошоткон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости