www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Тажикстандагы элчиси Жаныш Рустембеков чек арадан чыр чыгабы, үн чыгабы, айтор бир жолу башын коңулдан чыгара элек. Акыркы окуялардан кийин тирүүбү? - деген ой жаралат.

Рустембековдун эмне менен алектенет эч кимдин иши жоктой. Кыргыз-тажик элинин элчилигине баргандан бери, эки элдин ынтымагын же биримдигин колдоп бир жолу үн ката элек.

Бетин табактай кылып, көчүгүн көтөрүп койбогон элчинин эки элге кереги барбы? Жок дегенде намыс үчүн элди ынтымакка чакырып койсо да ыраазы болуп калат белек.

Рустембековго окшогон торпок кезинде сүзүлүп калган элчинин кимге кереги бар? Рустембеков болсо дагы эле үн катпайт...Үн ката элек... Же Жантай чалга окшоп жаш кыздар менен “Ман туя нагз мебенам”, деп кылтылдап жүрөбү? Жаныш чоң атаны көргөн-билгендер болсо, чек арада "саал" ызы-чуу болуп жатат"... деп айтып койсо жакшы болмок...

Элчи бул мамлекеттин жүзү! Бар менен жоктун ортосунда жүргөн элчилердин барынан жогу, ачынан тогу. Мамлекеттин башчылары менен тең ата сүйлөшө алган, тың, сүрү бар, кыраакы инсандарды ЭЛЧИ кылып башка мамлекеттерге жиберсек Кыргызстандын аброюу көтөрүлмөк беле?

Булак: NazarNews.kg

Последние новости