www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
25-апрелде «бакырчаак Бакай» деген каймана атка ээ Бакай Кашкарбаев айыл чарба министри Аскарбек Жаныбековдун кеңешчиси болуп дайындалганы маалымдалган.
Бул маалымат коомчулукта кызуу талкууга алынып, сын-пикирлер жаралган.
Буга байланыштуу бүгүн, 27-апрелде айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков пресс-конференция берип жаткан учурунда токтолуп, Кашкарбаевде көйгөйдү элге жана министрликке жеткирүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар экенин белгиледи.
«Кеңешчи боюнча, бакырчаактарды эле ала бересиңерби деп жатасыңар. Менин принцибим сын айтасыңбы, сунуш бер, сунуш бересиңби жаса, жасайсыңбы жооп бер! Бизде эмне көп, серепчи көп. Бизде ким көп, сунуш айткандар көп. А жоопкерчиликти моюнга алышыбыз керек да.
Мына ошон үчүн Кыргыз өлкөсүнүн Айыл, суу чарба, аймактарды өнүктүрүү министрлигинин 2020-жылдын 24-ноябрында бекиткен жобосунда коомдук кеңешчи мамлекеттик кызматта иштегени маанилүү эмес экени айтылып турат.
Биз ар бир кыргызстандыктын сунушуна, колдоосуна муктажбыз. Бакай Кашкарбаевдин маселени элге жеткиргенге мүмкүнчүлүгү бар экен. Биз аны эмнеге пайдаланбашыбыз керек? Бир сом акча төлөбөсөк, кабинет бербесек, командировка бербесек, эмнеге болбосун. Биздин саясатты элге жеткириш керек, жериндеги элдин мүдөөсүн мага жеткириш керек. Бүгүн ушуларды аткаруу үчүн чоң аракеттерди кылып жатабыз», - деди министр.
Булак: NazarNews.kg