www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Коронавируска дары жок”, - деди NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Дастан Сарыгулов.
--“Ачыгын айтканда коронавируска дары жок. Азыр айтып жаткан дарылар, вакциналар жөн эле кичине адамдардын ден-соолуктарына жардам болуп жатат. Дүйнө жүзү боюнча буга дары таппай, даярдай албай жатышат. 5-6 ай сайын жаңы штаммы пайда болууда. Мына өнүккөн өлкөлөр буга шыпаа болчу нерсени таппай баштары айланып калды. Биринин вакцинасын чыгаргыча экинчиси пайда болуп, айланы кетирди.
Индиянын аймагында бир суткада 346 миң 786 адам коронавирус менен катталыптыр. 3 күн катары менен суткалык дүйнөлүк рекорд жаңылаптыр. Бул өтө кооптуу жана опурталдуу. Чоң жоготуулар болуп жатат. Мүнөт сайын COVID-19 дартынын кесепетинен 1 адам көз жумуп калды. Коронавирустук инфекциянын жаңы учурлары боюнча мурунку дүйнөлүк рекорд АКШда катуу болгон. Күчтүү мамлекеттердин алы жетпей калды. Ошондуктан эң жакшы жолу алдын алыш керек. Беткап тагынып, туура тамактанып жана табияттын курчоосунда болгонубуз туура”, - дейт коомдук ишмер.
Булак: NazarNews.kg