www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2021-жылдын 22-майында Кыргыз Республикасынын Кайсери шаарындагы ардактуу консулу, журналист, акын, жазуучу Д-р Мустафа Курт 57 жашында дүйнөдөн кайтты. Түркия Республикасынын Президенттигинин Коммуникация башкармалыгынын пресс-картасы ээси, Эл аралык жарандык демилге гезитинин негиздөөчүсү жана башкы редактору Мустафа Курт дүйнөдөн кайтты.

Кыргызстан менен Түркиянын ортосундагы карым-катнаштын өнүктүрүлүшүнө чоң салым кошкон Мустафа Курт, эки ирет түркиялык ишкерлерди Кыргызстанга инвестиция салуу үчүн Кыргызстанды таанытуу саякатын уюштурган. Анкарада жана Түркиянын ар кайсы шаарларында кыргыз жарандарына ар түрдүү көмөк көрсөткөн жана ар түрдүү иш-чараларга катышып,өз салымын кошкон.

Мустафа Курт Башкент платформасынын төрагасы жана Түркия Илимий жана адабий эмгек ээлеринин кесиптик бирикмесинин мүчөсү болгон. Журналист-акын-жазуучу Мустафа Курт жүздөгөн мыкты кызматтык тактайчаларга, алтын медалдарга жана ар кандай сыйлыктарга татыктуу деп табылды.

Түрк дүйнөсүнө сиңирген эмгеги үчүн Мустафа Куртка Эл аралык вектор илим борборунан Түрк дүйнөсүнө сиңирген мыкты кызматы алтын медалы, Эң мыкты кызмат такта жана Университеттин Ардактуу доктору наамы ыйгарылган.

Маркумдун сөөгү кечээ 24-майда Анкарадагы Солфасол үй-бүлөлүк көрүстөнгө коюлду. Мустафа Курттун жаркын элеси биздин жүрөгүбүздө түбөлүк жашайт. Маркум кымбат боордошубуздун ыйманы саламат болсун. Үй бүлөсүнө сабырдуулук тилейбиз.

ТРТ "Түркия үнү" радиосунун Кыргыз кызматы

Последние новости