www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СҮРӨТ - Баткенде жайыттарды чегиртке каптап кеткен

Өсүмдүктөрдү дарылоо жана карантиндик коргоо департаменти жайыт жерлер менен эгин талааларын каптап кеткен чегирткелерге каршы күрөш баштады. Бул тууралуу Айыл, токой жана суу чарба министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, Баткен облусунда зыянкечтердин личинкаларын изилдөө учурунда 4 300 гектар жерден чегирткенин уюгу табылган.

"Баткен облусу боюнча 5 500 гектар жер изилденип, анын ичинен 4 300 га аянттан чегирткенин уюгу табылып, дарылоо зарылдыгы аныкталды. Бүгүнкү күндө 2 700 гектар жер химиялык иштетүүдөн өттү. Анын ичинен Лейлек районунда 900 гектар, Кадамжай районунда 1 600 гектар, Баткен районунда 200 гектарга микронер аппаратынын жардамы менен химиялык заттар чачылды", – деп жазылган маалыматта.

Учурда адистер тарабынан чегирткелерге каршы колдонулган дары-дармектердин майнаптуулугун текшерүү жана зыянкечтерге каршы күрөшүү улантылып жатканы айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости