www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын түндүк-батышындагы Синьцзян провинциясынын бийлиги жаңы төрөлгөн ымыркайларга диний мааниси бар мусулман ысымдарын коюуга тыюу салды.

Кытайда балдарга Ислам, Куран, Жихад, Саддам, Медина сыяктуу ысымдарды коюуга тыюу салынгандыгы тууралуу батыш ММКларынын билдирүүлөрүн 25-апрелде Синьцзян провинциясынын администрация өкүлү ырастады. Айтымында, бул өңдүү ондогон ысымга жакында эле Кытайдын Коммунистик партиясы сунуштаган "Этникалык азчылыктар үчүн ысым коюу эрежелери" жобосунун алкагында тыюу салынган.

Синьцзян провинциясынын административдик борбору болгон Үрүмчү шаарынын полиция өкүлү тыюу салынган ысымдар коюлган наристелер медициналык камсыздоого жана билим алууга мүмкүнчүлүк берген мамлекетттик каттоо системасына киргизилбей турганын билдирди.

Бул эреже аймактагы этникалык мусулман азчылыктарынын баарына, анын ичинде 10 миллиондой уйгур, 1,5 миллиондой казак, 150 миңдей кыргыз, беш миңдей татар, төрт миңдей тажик жана миңдеген дунган азчылыктарына тиешелүү болот.

Кытайдагы уйгурлар көптөгөн жылдардан бери өкмөттүн аларга карата жасаган мамилесине даттанып келишет. Кытайдын Коммунисттик партиясы өлкөдөгү тынч эмес аймактарга жетүү мүмкүндүгүн катуу көзөмөлгө алган. Андыктан Синьцзян провинциясы тууралуу маалыматтарды көз карандысыз булактар аркылуу текшерүү көптөгөн кыйынчылыктарды туудурат.

Последние новости