www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оппозициялык саясатчынын басма сөз катчысы Кира Ярмыш билдиргендей, окуя Коррупцияга каршы күрөшүү фондунун кеңсесинин алдында, Навальный Global Event Forum'на катышуу үчүн бараткан маалда болгон.

Кол салуудан кийин оппозиционер ооруканага жеткирилди – зеленка анын көзүнө кирип кеткен. Ага «оң көзү химиялык күйүк алган» деген диагноз коюлду.

«Учурда анын көзү көрүп, бирок ооруп жатат. Азырынча мунун эмнеге алып келе тургандыгы түшүнүксүз. Полиция арызыбызды кабыл алды, бирок видеокөзөмөл камераларындагы жазууларды алууга ашыгышкан жок. Биз кылмыш ишинин козголушун жана тергөөнү талап кылабыз», – деп билдирди Навальныйдын шайлоо алдындагы штабынын башчысы Леонид Волков.

​Мартта Барнаулда Навальныйдын шайлоо алдындагы штабынын ачылышы болуп жатканда дагы ага зеленка чачып кетишкен. Анда кол салууга карабастан саясатчы тарапташтарынын алдына чыгып сүйлөгөн.

Алексей Навальный 2018-жылы президенттик шайлоого катышууга ниеттенүүдө. Анын талапкерлигин 400 миңден ашык орусиялык колдоду. Бүгүнкү күнгө карата өлкө боюнча жалпысынан саясатынын 25 шайлоо алдындагы штабдары ачылды.

Мартта Навальный тарабынан негизделген Коррупцияга каршы күрөшүү фонду өкмөт башчы Дмитрий Медведевдин декларацияда көрсөтүлбөгөн кыймылсыз мүлктөрү тууралуу иликтөөсүн жарыялаган. Андан сон Орусиянын бардык аймактарында жемкорлукка каршы нааразылык акциялары өткөн.

Булак: Борбордук Азия жаңылыктары

Последние новости