www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Учурда Бишкек шаарынын мэриясына караштуу дене тарбия жана спорт башкармалыгы өспүрүмдөр арасында мелдештерди уюштуруп, жакшы иш кылып келет. Аталган мекеменин жетекчиси Ырысбек Шаршенбаевичке барып, спорт, таалим-тарбия, ыйман жөнүндө маектештик.  

--Ырысбек мырза, башкармалыктын башкы максаты эмне?

-- Бишкек шаардык дене тарбия жана спорт башкармалыгынын башкы максаты: өсүп келаткан жаш муундарды туура жолго тарбиялап, спортко тартуу; Олимпиадалык жана Азиялык чемпионаттарга даярдоо. Жөнөкөй тил менен айтканда, келечектеги чоң спортсмендин фундаменти бизден башталат. Бизден башталып аткандан кийин, биз аларга сапаттуу фундаментин куюп берүүбүз зарыл. Өспүрүм балдар, кыздарды даярдаш үчүн аларга биринчи кезекте шарт түзүп бериш керек. Шарт болсо, жүздөн бир бала сөзсүз дүйнөлүк чемпион болот. Акча берип коюу оңой,  ал эми спортсмендерди даярдоо кыйын. Алар жакшы машыгыш үчүн мыкты шарт түзүп берүү биздин милдет. Спортсмен да өзүн жакшы алып жүрүүсү абзел! Турмушта ар кандай нерселер болот: ак-кара дегендей. Адам өзүнүн кемчилигин көрө жана бөлө билгенди үйрөнүшү керек! Айтылуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун жакшы сөзү бар го: “Адамга күнүгө адам болуу кыйын” деген. Эми укмуш сөз да. Түшүнгөн кишиге өтө маанилүү сөз.

Мына, Эгемендүүлүк алганыбызга 25 жыл болуптур. Эгемендүүлүк алган жылдары Бишкек шаарында дене тарбия жана спорт башкармалыгы түзүлүп, спорт дүйнөсү өнүгө баштаган. Бишкек шаарынан мыкты спортчулар даярдалып, жакшы ийгиликтерге жетишип, өлкөнү дүйнөгө таанытып келди. Кудайдын буйругу экен, маңдайыбызга эгемендүүлүк жазылып, өз алдыбызча мамлекет болдук. Спорт болобу, башка болобу, кайда барбайлы, Кыргызстандын гимни ойноп, өз желегибизди желбиретип калдык. 25 жыл ичинде 7 жолу Олимпиадалык, 6 жолу Азия оюндарына катышып келатат. Алгачкы медалды бизге мыкты спортчубуз Айдын Смагулов алып келген. Ал 2000-жылы Сидней шаарында дзю-до боюнча мелдешке катышып, коло медалды жеңип алган. Андан кийин, 2008-жылы Пекин шаарында өткөн Олимпиадага Канат Бегалиев катышып, күмүш медаль алса, Руслан Түмөнбаев коло медалдын ээси болгон. Совет доорунда, спорт тарыхында алтын тамга менен аты-жөндөрү жазылып калган эки инсанды гана билчүбүз, туурабы?! Алар: 1980-жылкы Олимпиаданын чемпиону жана оор атлетика боюнча дүйнөнүн 4 жолку чемпиону Каныбек Осмоналиев жана жөө күлүк Сатымкул Жуманазаров. Сатымкул агайыбыздын көзү өтүп кетсе да спортко кошкон салымын, эмгегин унутпайбыз. Ал эми Каныбек агайыбыз дагы эле болсо спортко зор салым кошууда. Дегеним, жаш өспүрүмдөргө, дегеле спорт менен машыккан балдарга акыл-насаатын айтып, өзүнүн тажрыйбасын бөлүшүп келет. Мындай мамилеси менен бизге, жаштарга үлгү болууда. Дегеле адам баласы өзү биринчи үлгү көрсөтүү керек! Үйбүлөдө деле өзүң үлгү көрсөтпөй туруп, балаңды жумшасаң ал кылбайт, кылмак түгүл тил албайт.  Ата-эне, бала кандай болуш керек экендиги Куран китебинде жакшы жазылган. Андыктан китеп окугула. Айтып коюу парз. Кудайга кайрылып, намазга жыгылгыла!

--Кудайды таанып, намазга жыгылып жатканыңа канча болду? “Намазга жыгылуу деле спорт” дейт айрым молдолор. Бу сөзгө кошуласыңбы?

-- Басып баратканыбыз деле спорт да.  Жөө баскан денсоолукка пайдалуу. “Беш маал намазга жыгылсам” деген ниет жүрөктүн түпкүрүндө тээ качантан бери эле жүрчү. Жакшы тилекке, ниетке Алла Талаам өзү чакырат экен. Алланын чакырыгы менен беш маал намазга жыгылып  жатканыма бир жыл болуп калды. Атам Ажы болчу. Кырсык болуп, каза болуп калган. “Мечит салсам” дечү. Атамдын ишке ашпай калган нерсесин 2013-жылы балдары ишке ашырдык. Кудайдын кудурети менен мечит, медресе салганбыз.

--Анда сенин балдарың намазга жыгылып, спорт менен машыгат экен да?

--Ооба, жубайым, балдарым намазга жыгылат. Балдарым спорт менен машыгат. Улуу балам кикбоксерго барат. Кийинки балам футболду жакшы ойнойт. Кичүү уулумду теолог кылсамбы деп атам. Анткени мүнөзү ошого туура келет. Эрте туруп, Кудайдан суранып, намазга жыгылсаң, жаман ойдон тазаланасың. Ниетиң таза болсо жашоо жеңил, уйку тынч болот. Кудай деле ниетиңе жараша берет. Жаман ой адамга качан келет? Бош болгондо. Ошондуктан, жалкоолукту жеңип, иштеш керек! “Иштесең тиштейсиң” деп бекер айтылган эмес да.

--Бул жерде иштеп жатканыңа канча болду? Кандай иштерди бүтүрдүң? Бир жылда канча акча бөлүнөт?

-- Бишкек шаарында спорттун бир жылдык кирешеси 25 млнго жакын. Жетиштүү эле. Көп иштер жылып келатат. Алдыда кыла турган иштер да арбын. Көйгөй бар. Спорт комплекси жок болгондуктан, чоңдор арасындагы мелдештерди өткөрө албай жатабыз. Дүйнөлүк мелдешти өткөрөм десең, анын өзүнүн эрежеси, талаптары болот. Алар алгач өтө турган жерге келип, бардык шарттарды карашат. Эрежеге туура келбей калса, баш тартып коюшат. Биздики дүйнөлүк мелдештердин талабына жооп бербейт, себеби, жогоруда айттым го, ылайыктуу спорт сарайы жок. Азыркы учурдагы максатыбыздын бири спорт стадиондорун оңдоп, жаңылоо, кеңейтүү. Себеби, азыр мурдагыга караганда элдин саны эки эсеге көбөйдү. Спорт көрүүчүлөрдүн да саны күн санап өсүүдө. Ошон үчүн он миңдик отургучу бар имаратты куруу үчүн жер каралып жатат.

--Өзүң спорттун кайсы түрү менен машыкчу элең?

--Эгемендүүлүк алганча эркин күрөш, Грек рим күрөшкө барчумун. 90-жылдары мен дагы башка спортчулардай эле кыйынчылыкты башымдан өткөрүп, жон терим менен сезгем. СССР кулап, жаңы мезгилге өтүп жатканда, машыктыруучулар спортту таштап салышкан. Кара курсакты ойлоп, башка жакка иштеп кеткен учур болчу. Үйбүлөнү багуу үчүн машыктыруучулар башка жакка жумуш издеп кетип, биз калып калганбыз. Ал учур эми өзүнчө чоң тема. Кудай жалгап, азыр спорт менен машыккандардын жана кызыккандардын саны көбөйүп баратат. Спорттун түрлөрү көп, 22 бөлүм (20,30га жакын спорттун түрлөрүн өнүктүрөбүз) бар, 5976 улан-кыздар билим алат. 12 спорт мектеп биздин карамагыбызда. Бишкек шаарынын балдары ошол мектептен машыгып, денесин чыңдашат.

--Машыктыруучулардын маянасы кандай?

-- Бизге караштуу спорт мектебинде жүз тарбиячы, 450гө жакын машыктыруучу бар. Маянасы 7 миң сомдон башталат. Бирок, биз анын тажрыйбасын, стажын жана башка дагы нерселерин эске алып, кошуп бергенде жакшы эле айлык чыгат.

--Спортто өсүш барбы?

--Статистиканы карасам, кудайга шүгүр, спортто өсүш бар экен.

 Назира Жакшылыкова, NazarNews.kg

Последние новости