www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытай Тайванды согуш менен коркутууда

Кытай Тайвандын эгемендүүлүк алууга болгон кандай гана аракети болбосун арты согушка алып келерин эскертти. Бул тууралуу “Би-Би-Си” жазды. Бир нече күндөн бери кытайлык Аба күчтөрүнө таандык учактар аралга жакын учуп өтүүдө.

Буга чейин АКШ президенти Джо Байден билдирүү жасап, Тайванды колдоо ниетин билдирди. Вашингтон Кытайдын билдирүүсүн кыжырдануу атап, чыңалуу тирешүүгө алып келерин белгилеген.

АКШнын жаңы бийлиги дагы Кытайга адам укугу, соода талашы, Гонконг менен Тайвандагы кырдаалга байланыштуу маселелер боюнча мурдагы катаал позициясын улантат деп күтүлүүдө. Дональд Трамптын башкаруусунда Вашингтон менен Бээжиндин мамилеси кескин начарлаган эле.

Кытай Тайванды өзүнүн провинцияларынын бири катары эсептеп, өз алдынча эл аралык мамиле куруусуна каршы чыгып келүүдө. Тайвань болсо өзүн Кытайдан көз каранды эмес субьект катары санайт. Аралдын өзүнүн конституциясы, армиясы жана өкмөтү бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости