www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусиянын президенти Москвадагы Жеңиш музейине барганда аталган жайдын кызматкерине кандай кемчиликти байкап шыбырагандыгын ал «Россия 1» телеканалына өзү айтып берген. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, сюжетте музейдеги согуш жылдарындагы Вена кафесинин реконструкцияланган учуру көрсөтүлгөн. Президент жана анын жанындагылар кирип келе жатканда Guten Abend! Bitte деген учурашуу болгон. Путин бул учурда так эместик кеткен жерин байкаган.
Кызматкер Елена Анисимова Путиндин анда эмне деп шыбырагандыгын журналисттерге айтып берип жатып, президент ага айткан вариантты эми жаттап ала тургандыгын кошумчалады.
«Аны так, майда-чүйдөсүнө чейин билип алып, ишимде эми колдоном», – деген музей кызматкери.
Белгилей кетсек, шаршемби күнү Ленинграддын курчоодон бошогон күнүнө байланыштуу Владимир Путин «Поклонная гора» деп аталган тарыхый жайга – дөңсөөгө барып, «Эл эрдиги» экспозициясын көргөн. Андан сырткары, «Көөнөрбөйт» деп аталган долбоордун иши менен таанышкан.
Президент көргөзмөнүн жакшы уюштурулганына ыраазы болуп, ардактуу коноктор пикир калтырган жерге оюн да жазып кеткен.
Булак: NazarNews.kg