www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын бийлиги жекшембиге карата 57 адам коронавирусту жуктурганы аныкталганын, бул акыркы эки айга жакын убактан берки суткалык эң чоң көрсөткүч экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка караганда жаңы катталгандардын 36сы - Бээжинде. Бул ирет вирус өлкө ичинде жуккан деп таанылды.

Инфекциянын кескин таралуусун башкалаадагы “Синьфади” азык-түлүк базарынын иштешине байланыштырышууда. 13-июнда базар жабылып, айланасындагы 11 маалеге обочолонуу режими киргизилди.

Жети аптадан бери Кытайда коронавирус күнүнө бирин-экин же таптакыр катталбай келген эле.

Өткөн жылдын аягында алгач таралгандан бери Кытайда коронавируска чалдыккандар 83 миңден ашканы расмий кабарланган. Алардын 78 миңден ашууну айыгып кетсе, 4634 адам көз жумду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости