www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өз кичи мекени Кочкорго тынчтык орното албай Абылгазиев каякта жүргөнү белгисиз. Абылгазиев жанына айыл чарба институтун бүткөндөрдү топтоп алган. Алсак  вице- премьери Мадумаров ветсанитар, Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү, губернатор Эмилбек Алымкулов зоотехник. Бирок иш кандай жылып баратат? Нарында деле ал-ахыбал начар экендигин Улуттук статистикалык комитет айтып жатат. Абылгазиевдин кичи мекени Кочкор районундагы Кара-Кужур аймагында жайыт маселеси боюнча жергиликтүү тургундар чогулушкан. Белгилей кетсек, айрым сайттарда окуя болгон жерге ОМОНдор келишти деп жатышат. Милицияга 2020-жылдын  9-июнь күнү саат 08:00 чамасында Нарын районунун Жерге-Тал айылына караштуу Кырк-Боз-үй участогунда  Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн тургундары Кочкор районунун тургундары Кум-Бел жайлоосуна барышып тоскоолдук жаратып жатат деген маалымат түшкөн.  Ал жерге кызматкерлер барган учурда болжол менен 250гө чукул жаран чогулушканы аныкталган. Жыйналышта Жерге-Тал айылынын тургуну А. аттуу адам өзүнө бензин чачып өрттөөгө аракет кылган учурда милиция кызматкерлери өзүн-өзү өрттөөгө жол бербөө максатында токтотуп калышкан. Нарында чыр чыгып, 2010-жылы Убактылуу Өкмөт бийликке келген дегендер да жок эмес.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости