www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кытай делегациясы Аляскада болгон жогорку деңгээлдеги жолугушууда АКШ бийлигин протоколду бузуп, конокторго орой мамиле жасады деп айыптады. Бул тууралуу АКШга барган Кытай делегациясынын өкүлүнө шилтеме берүү менен дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, кытайлык расмий өкүл Аляскага чын ыкласы менен келгенин айткан. "Бирок жыйындын ачылыш сөзүндө Америка тарап күтүлбөгөн жерден чектен чыгып, Кытайдын саясатына негизсиз айыптоолорун жаадырган. Конокторго мамиле жасоонун этикасы мындай болбойт. Ошондой эле дипломатиялык протоколго туура келбейт", - деген ал.
Белгилей кетсек, тараптар Кытай-Америка диалогунун биринчи жолугушуусуна чогулган.
Эске салсак, буга чейин Кытай Эл Республикасынын башчысы Си Цзиньпин АКШнын президенти Жо Байден менен телефондон сүйлөшүүсүндө, Бээжин-Вашингтон мамилесин жакшыртуу ниетин билдирген.
Булак: NazarNews.kg