www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жаңы Конституцияга каршы чыккан шылуундар калп менен ушак-имиш сөздөрдү таратып жатышат», - деди бүгүн, 19-мартта NazarNews маалымат агенттигине илимий изилдөө дыйканчылык институтунун директору, Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын мүчөсү Жамин Акималиев.

- Жамин агай, айрым депутаттар «Референдум жөнүндө» жазылган мыйзамды кабыл алдырууда бийлик кысымга алды, вотсап группалары аркылуу депутаттарды колдоп берүүгө аргасыз кылды деген маалыматтарды таркатып жатышат?

- Эмне болсо дагы Жогорку Кеңеш «Референдум жөнүндөгү» мыйзамды көпчүлүк добуш менен кабыл алып берди. Кыйкырып жаткандар - булар негизинен жаңы Конституцияга каршы чыккан шылуундар. Алар ачууга алдырып, кайдагы бир карандай калп жана ушак-имиш сөздөрдү таратып, ызылдап жатышат. «Ичиң күйсө, туз жала» дейбиз да. Андан башка айта турган сөз жок.

- Президенттик башкарууну жана жаңы жазылган конституцияны айрым депутаттар мүмкүнчүлүгүнүн жетишинче сындап жатышат. Алар чындап Кыргызстанга күйүп жатышабы же көздөгөн максаттары башкабы?

- Айрым депутаттардын президенттик башкарууга багыт ала турган конституцияны сындап жатканынын себеби бар. Алар 2010 - жылы кабыл алынган партиялык-парламенттик башкарууну сактап калууга жанталашып жатышат. Дээрлик 10 жылы каалашынча тайраңдаган замандын өтүп баратканына өкүнүп жатышат. Аларды түшүнсө да болот. Себеби мурдагы Конституциянын атасы менен апасы дагы жетимсиреп калышты.

- Американын саясатын колдогон саясатчылар жана НПО, активисттер президенттик башкарууга жана референдумга караманча каршы чыгып жатышат. Алар мамлекет үчүн чындап күйүп жатышабы же кызыкчылыктарын ишке ашыруунун ыңгайлуу мезгилин издеп жатышабы?

- Булар мамлекет үчүн эч качан күйгөн эмес. Алардын башкы саясаты Батыштан көлөмдүү каражат алып, Кыргызстандын жаңы бийлигин иштетпей коюу. Аларга тоскоолдук жаратуу жана элди бөлүп-жарып өлкөнүн туруктуулугун бүлдүрүү. Булардын негизги иш аракети мына ушундай нерсеге багытталган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости