www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Huawei компаниясынын Канадада кармалган топ-менеджеринин баш коргоо чарасы 7-декабрда бул өлкөнүн сотунда каралганы турат.

Расмий Бээжин Ванчжоу Мэнди бошотууну талап кылууда. Кытайлык ири бизнестин Канадада кармалган белдүү өкүлү анын компаниясы АКШнын Иранга каршы санкцияларын бузган деп шек саналууда. Ал Кошмо Штаттарга экстрадиция болушу мүмкүн.

Кытайдын эң ири компанияларынын бири телекоммуникация жабдууларын жана эл керектөөчү электрониканы өндүргөн Huaweiди негиздеген Рен Чжэнфэйдин улуу кызы, бул компаниянын аткаруучу жана каржылык директору Ванчжоу Мэнди Канада АКШнын өтүнүчүнө ылайык 1-декабрда, Кытай жана АКШ лидерлери Аргентинада жолуккан күнү кармаган - деп билдирет Азаттык.

Бирок бул маалымат 5-декабрда гана ачыкка чыкты.

Канаданын премьер-министри Жастин Трюдо 6-декабрда Оттавада атайын билдирүү менен чыгып, бул кармоодо эч кандай саясий кийлигишүү болгон жок деп ырастады:

- Мен баарын ишендирип кетким келет. Биз сот системасы көз карандысыз өлкөбүз. Бул иште тиешелүү бийлик өкүлдөрү эч бир саясий кийлигишүүсүз чечим кабыл алган. Бизди алар саналуу күн калганда гана кабардар кылышты. Албетте чечимге саясий деңгээлде эч кандай кийлигишүү болгон жок. Анткени, биз сот жараяндарыбыздын көз карандысыздыгын урматтайбыз. Мындан сырткары менде бул маселе боюнча эл аралык кесиптештерим менен түз дагы, кыйыр дагы сүйлөшүү болгон эмес.

Расмий Бээжин Оттавадан анын дароо бошотулушун талап кылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости