www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Темир Сариев аттуу өкмөт башчысы болгон, түпкү аталары Жумгалдан коллективдештирүү учурунда Чүйгө көчүп келишип, Солтонун Жоочалышына кошулган. «Жаманды коногу бийлейт» дегендей Cокулуктан оштуктарды кубалаган ушул болгон. Акаевдин заманында парламент депутаты катары Үзөңгү-Куушту Кытайга беребиз деп үзүлө чуркаган. Ал эмгеги үчүн азыр Бишкек мэриясынын айлана-тегерегиндеги Киев көчөсүнөн Чүй проспектисине чейин зор имаратты бүт менчикке чыгарып алган. Атамбаев учурунда өкмөт башчысы катары эки элге кастык чоң чечим кабыл алган. Биринчиси, Кытайга иш сапары менен барып элге уу-дуу болгон ишкананы Балыкчы-Корумду жолун тендерге өткөзгөн.Ушул иши боюнча өкмөт башчысынан кеткен. Экинчиси, 1 млрд 520 миллион, 309 миң 404 сом которулган тарых музейине тендер жарыялабай туруп «СМУ-3» ишканасы менен оңдоого, музейге жабдуу сатып алууга келишим түзгөн. Башкаларын койолу эки аттын жасалма тулкусуна 14 миң евродон 28 миң евро кеткен, 1 отургуч  1 500 доллар болгон.   Тарых музейин жасалгалоо акыркы кездерде курч полемикаларды туудуруп жатат. Акыркы күндөрү ал жерде коррупция болгон деп кыйкырып жаткандар негизинен жаңы бийлик тарапты жалжал карагандар болсо, буларга каршы турган күчтөр мурунку бийликтин өкүлдөрү.  Бардык жерде билим, жаштарды тарбиялоо, экология маселери маданий агартуу менен искусство аркылуу чечилерин эки тарап тең түшүнөт. Социалдык маселелер жана экономикадагы көйгөйлөр маданият менен искусство көйгөйлөрүнөн тышкары чечилбейт. Тарых музейин өзгөртүүнү ойлогон авторлордун ой-толгоолору боюнча бул жер шаарлыктарды жана меймандарды өзүнө тарткан жаңы коомдук жайга айланышы керек. Ал бардык эл аралык стандартка жооп берип, ошол жерде эл аралык көрсөтмөлөр, жогорку деңгээлдеги иш-чаралар өтүп, жаштар маданиятка, искусствого, билимге талпынган жер болуш керек. Музейдин ички дизайнын музей жасалгалоо боюнча адистешкен немец компаниясы «Vitrinen und Glasbau REIER GmbH» бүтүргөн.  Бул ишкана бүткүл дүйнөгө таанымал: Луврдун, Британ музейинин, Мамлекеттик Эрмитаж сыяктуулардын заказын  аткарып келет. Германиянын тарыхий- маданий баалуу мурастарын сактоо боюнча 20 жылдан ашуун иш жүргүзүп келатат. Темир Сариевдин суук колунан улам тарых музейин жасалгалоо үчүн ашыкча акча кеткен. Албетте, бул иш боюнча журналисттик иликтөөлөр жүрүп жатат? Темир Сариевдин Тарых музейинин жасалгалоо үчүн элдин 118 миллион 215 миң 200 сому мыйзамсыз  коротулганы  белгилүү болуп калды.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости