www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Жаңы доор” партиясын зыркыратып, омоктуу оюн айтып, элдин көңүлүн бурган Жамалбек Рысалиев деген жигитибиз бар. Булар азыркы капчыгын гана ойлогон парламент депутаттарынан айырмалынып Кыргызстанды кантип өнүктүрсө болот  дешип түнкүсүн кирпик ирмебей чыгышат. Азыр өлкөнүн өнүгүшүнө жеке ишкерлердин элге салымы чоң болууда. Бардык жердеги жаңы курулган жакшы саамалык иштерди ишкерлер ишке ашырып, шаардабы, айылдабы элге кубаныч тартуулап жатканын көрүүгө болот. Рысалиев Эркиндик - Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде жаңы балдар аянтчасын ачып, шаар тургундары дагы бир жакшылыкка эгедер болушту. Муну Балбак Түлөбаев сыяктуу мэриянын атка минери жасаса “ии” деп койот элек. Бирок муну жамалынан нур төгүлгөн Жамалбек мырза жасады.

Ал жеке ишкер, кыргызга таандык "Беш бармакты" Гиннеске киргизүү, "Ак элечек апалар" сыяктуу долбоорлордун автору жана уюштуруучуларынын бири. “Жамалбек силкинсе, соцтармак зиркирейт” болуп булар Жамалбек Рысалиевдин демилгеси менен ишке ашкан. Балдар аянтчасын «Bland Group» компаниясы куруп, аны толугу менен жеке ишкер, меценат Жамалбек Рысалиев каржылаган. Аны курууга жалпы 800 миң сом каражат сарпталганы айтылууда.

Эркиндик сейилбагында эркелеген, бактылуу, байманалуу, бакубаттуу, ырыстуу, дөөлөттүү балдар көп болушун Жамалбек тилейт. Ата - энелери менен кубанычтын селкинчегинде ойногон балдарга бекер балмуздак да таратылды. Мындай жеке ишкерлер элибизде көп боло берсин. “Жаңы доору” да тынчып калбай, 2020-жылы парламентке аттанып, жеңишке жеткен партиядан болсун.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, «NazarNews.kg»

Последние новости