www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Укук коргоочу Азиза Абдирасилова кыз ала качуу боюнча дагы бир кылмыш катталып учурда болуп жаткан соттук процести коомчулукка жарыя кылды.

Борбор шаарыбыздан алыскы бир регионго бир кызды ала качып кетишкен. Анан ошол эле түнү кыз, зордуктоого кабылып, укук коргоо органдарынын кызматкерлери тарабынын өз үйунө кайтарылган эле дейт укук коргоочу.

Азыр ошол иш сотто каралып жатат. Жигиттин апасы, кошуналары күбө катары суралышты.

Эч нерсе кошумчаланбай жана кемитилбей сөзмө-сөз берилди.

Жигиттин апасы (мугалим): 

- Биз кыргызбыз, илгертен эле кыргыздар кызды ала качып алышып эле, сопсонун жашап калышкан. Менин үч кызымы да ала качып алышты. Бирөө ажырашты, экөө жашап жатат. Бизге демократиянын кереги жок, ушундай эле кыргызчылык керек

Суроо: 
- Демек сиз келинди кыргызча алган турбайсызбы? 

Жооп: 
- Ооба, кыргызча эле ала качып алдык. 

Суроо: 
- Кыргызча болгондо алардын жанында кыз менен жигиттин жеңелери болуштубу? Ошолор кыздын макулдугун сураштыбы? Кыргыздар биринчи түндө жеңенин милдетин жогору баалашкан да туурабы? 

Жооп: 
- Жоок, жеңелери жок эле мусулманча эле жатказдык 

Суроо: 
-Мусулманча болгондо молдо нике кыйдыбы? Молдо кыздын макулдугун сурадыбы? 

Жооп: 
- Түн жарымы болуп калгандыктан биз молдо чакыргынга мүмкүнчүлүк болбоду, нике кыйдырганга шашылган жокпуз. Негизи эле, бизде 2-3 айдан кийин, кээде 1-2 балалу болгондон кийин нике кыйдырабыз. Никени өтө эле карманбайбыз

Жигиттин кошунасы (мугалим): 

- Келгенде 30-40 минутадай ыйлады жоолук салынбай. Анан "Н" (ала качкан жигит) өзү кирип жоолук салып чыкты.

Суроо: Кыз ыйлаганда эмнеге кошуналарыңызга кыз макул эмес экен, мажбур кылбагыла деген жоксуз? 

Жооп: 
-Апей, ботом! Кыз ыйлап келет да, күлмөк беле? Ошентип ыйлап келишип эле жашап калып жатышат

Суроо: 
- Алардын никеси кыйылбай, кыздын макулдугу жок эле жаткызыпсынар. Эмнеге жок дегенде молдо чакырбадынар? 

Жооп:
- Бизде никеге шашылбайбыз. Биз өзүбүз дале балалуу болгондон кийин нике кыйдырганбыз. Мына, сонун эле жашап жатабыз.

Мына ушундай да болот экен дейт укук коргоочу Азиз Абдирасулова.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости