www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Буга чейин социалдык тармактарда аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачып, бетине уруп жаткан видео тараган. Бул окуя 2020-жылдын 8-июнь күнү Сузак районундагы айылдардын биринде орун алган. Алар Сузак районунун 1968-жылы туулган тургуну Б.З. жана 1973-жылы туулган М.Д. аттуу аялы болгон. Мындай жорукту жасаган кишинин иши сотко өткөрүп берилди. Бул тууралуу NazarNewsка милициядан билдиришти.

Бул окуя Сузак РИИБинин КЖБРне КРнын Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси (Үй-бүлөдөгү зомбулук) жана КРнын Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) болуп катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, шектүү Сузак РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Ал мындай жорук жасаганына кызуулугу себеп болгону жана кылган бардык иштерине өкүнөрүн белгилеген.

Бул факты Сузак РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан толук тергелип бүтүп, шектүүгө карата КРнын Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) менен айыбы угузулуп, өндүрүш иши 2020-жылдын 17-июнь күнү соттун кароосуна жиберилди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости