www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында "Үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү чөйрөсүндөгү айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралууда.

Депутат Бактыбек Турусбеков аялдар тарабынан зомбулук көрсөтүлгөн учурлар болобу деп сурады.

Мыйзам долбоорунун демилгечиси депутат Исхак Пирматов расмий статистикага ылайык, 2018-жылдын жыйынтыгы менен эркектер тарабынан жасалган 4 миң 808 зомбулук жасалганын айтты. 

"Алардын 4 миң 232 жубайларына, 136 балдарына, 119 ата-энелерине, 319 башка туугандарына карата зомбулук жасалган. Ал эми аялдар тарабынан 417 факты катталган. Алардын 158и күйөөлөрүнө карата жасалган. Балдарына, ата-энелерине, бир туугандарына жана башка туугандарына карата зомбулук жасалган факты катталган", - деди ал.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости