www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Тез жардам унаасы менен болгон кырсыктын кесепетинен үч адам жабыркаган. Бул тууралуу NazarNews сайтына Бишкек ШИИБдин Кайгуул кызматы билдирди.

“КамАЗ унаасынын айдоочусу, Тез жардам унаасынын айдоочусу менен эки фельдшерлер ооруканага жаткырылды.

Кырсык болгон жерде милициянын Кайгуул кызматкерлери ишин улантышууда.

Кырсыктын себебин тактоо иштерин жүрүүдө”, - деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, бүгүн саат 13.40 чамасында Орозбеков жана Баялинов көчөлөрүнүн кесилишинде КамАЗ жана Тез жардам медицинасынын борборунун унаасы сүзүшкөн.

Алдын ала маалыматтарга караганда, Тез жардам кызматынын унаасы жол чырактын кызыл түсүнөн өтүп бара жаткан. Бул учурда оор жүк ташуучу унаа келип унааны сүзгөн.

Тез жардам тобунун төрт дарыгери оор жаракат алып ооруканага жеткирилди.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости