www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 18-июнда өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлүнүн орун басары Ырысбек Ызабеков Сузакта жолдошунан кордук көргөн аял менен барып сүйлөшүп, медициналык, психологиялык жактан жардам сунушталганын онлайн маалымат жыйынында билдирди.

"Сузактагы окуя бизге өзгөчө оор тийди. Мындай окуяга туш болгон үй-бүлөгө, жабырлануучуга өзүм барып жолугуп келдим. Анын баласы жана туугандары менен баарлаштык. Кордукка кабылган жаран менен дагы жолугуп, ага кандай жардам керек болсо кайрылуусун айттык. Коомдо резонанс жараткан окуянын жагдайлары укук коргоо органдары тарабынан иликтенип жатат. Биз тараптан колдон келишинче жардам көрсөтүлдү. Ал үй-бүлө менен учурда тыгыз байланыштабыз", - деди Ызабеков.

Эске сала кетсек, 12-июнда Фейсбук тармагына эркек кишинин аялды жазалап жаткандагы видеосу тараган. Кийинчерээк, окуя 8-июнь күнү Сузак районундагы айылдардын биринде орун алганы облустук ички иштер бөлүмү тарабынан белгилүү болгон. Анда 51 жаштагы Б.З. үйүндө 47 жаштагы М.Д. аттуу аялынын моюнуна дөңгөлөк байлап, чакалап суу чачкан. Окуя боюнча М.Д. 11-июнь күнү Сузак РИИБине арызданган. Бул окуя Сузак РИИБинин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жоруктар жөнүндө кодексинин 75-беренеси "Үй-бүлөдөгү зомбулук" менен катталып, тиешелүү материалдар топтолгон соң Жазык кодексинин 144-беренеси (Уруп-согуп кыйноо) болуп өзгөртүлгөн. Күйөөсү 11-июнда саат 18:00 чамаларда Сузак РИИБинин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости