www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик экотехинспекция “Элит Хаус” деген компания куруп жаткан тогуз кабаттуу 2 үй мыйзам бузуу менен салынып жаткандыгын аныктаган жана сот ал үйлөрдү түрттүрүп салуу тууралуу чечим чыгарган. Бишкектин Октябрь районундагы А.Токомбаев көчөсүндө салынып жаткан “София” комплекси “Кыргыз Республикасынын шаар куруу жана архитектура жөнүндөгү” мыйзамынын нормаларын, эрежелерин жана талаптарын бузуу менен салынып жаткандыгын экотехинспекциянын Бишкек шаары боюнча регион аралык башкармалыгынын инспекторлору аныктап чыгышкан.
Ал эми “Элит Хаустун” өкүлдөрү “экотехинспекциянын чыгарган актысы туура эмес, биз мыйзам чегинде куруп жатабыз” деп ызы-чуу салып, эки тараптын тирешүүсү башталды. “Күнөө сенде эмес, күнөө менде эмес, күнөө сүйүүдө” деп ырдалып жүргөндөй, акыр-аягы келип күнөө Кыргызстандагы баш-аламан мыйзамда болуп чыгат. “София” комплексиндеги эки турак үй жапжакшынакай эле курулуп бүтөөрүнө бөркүңүздөй эле ишене бериңиз. Бир тарабы “кечирип койгула” деп бара берет, пара берет, экинчи тарабы эки жагын элеңдеп карайт да “болуптур эми” деп коет. Ушул убакка чейин Бишкекте мыйзам бузуу менен курулуп жаткан көп кабаттуу бир үйдүн бузулганын уктуңуз беле?! Бузулса жаңы конуштардагы бей-бечаралардын көр тирилик өткөрүү үчүн курулган бастырмасы, тоок канасы, гаражы же мончосу, чупа-чуп саткан күркөсү бузулат. Эмне десе “уруксаты жок же кызыл китеби” жок болуп чыгат.
Булак:«Ачык саясат плюс»