www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Дүйшөмбүнүн Шохмансур райондук соту 26 жаштагы көз карандысыз журналист жана блогер Абдулло Гурбатини (Авазмада Гурбатов)жети жарым жылга күчөтүлгөн режимдеги колонияга кести. Прокуратура журналистке сегиз жыл сураган. Гурбати соттогу акыркы сөзүндө ак экенин айтып, өзүн актоону өтүндү.

Сот журналистти бийлик өкүлүнө акаарат келтиргени, милиция кызматкерине күч колдонгону жана экстремисттик уюмга мүчө болгондугу үчүн айыптуу деп тапты. Адвокаты апелляциялык арыз тапшырарын билдирди.

Гурбатинин апасы Гүлнора Шарифова соттун өкүмүн адилетсиз деп атады.

Журналистти 15-июнда Шохмансур райондук прокуратурасынын кызматкерлери кармап кетишкен. Ага Кылмыш-жаза кодексинин үч беренеси боюнча кылмыш иш козголгон.

Эл аралык укук коргоо уюмдары жана Батыш өлкөлөрү Тажикстан бийлиги Гурбатини жана кармалган башка журналисттер менен блогерлерди кое берүүгө, куугунтукту, коркутууларды жана басым-кысымды токтотууга чакырышты.

Гурбати акыркы мезгилде социалдык темалар тууралуу видео материалдарында айрым аткаминерлерди сындап жүргөн.

Булак: NazarNews.kg


Последние новости