www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз-тажик чек арасында Тажикстандын аскерий агрессиясынын натыйжасында каза болгондордун саны өстү. Учурда алардын саны 63кө жетти.Бул тууралуу маалыматты Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматы тастыктады.

Маалыматка ылайык, акыркы маркумдун сөөгү экспертизадан өтүп жатат. Ал эми жабыркагандардын саны 206 адамды түздү.

Белгилей кетсек, Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышууда 63 адам каза болгонун бүгүн, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун башкы катчысы Станислав Заска билдирген.

16-сентябрь күнү эртең менен Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасындагы бир нече участоктордо ок атышуу башталып, Лейлек жана Баткен райондорундагы калктуу конуштар аткылоого кабылган Кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылыштан улам Баткен жана Лейлек райондоруна караштуу 7 айылдын, Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Жекенди айылынын тургундары үйлөрүн таштап кетишкен. 206 адам жабыркап, 63 адам каза болду. 

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы КР Кылмыш-жаза кодексинин «Тынчтыкка каршы кылмыштар» беренеси боюнча кылмыш ишин козгоду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости