www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Родион Мирошник — Россиянын МИДинин атайын тапшырмалар боюнча элчиси (посол по особым поручениям) кызматын аркалайт. Ал негизинен Россиянын тышкы саясатындагы маанилүү маселелер боюнча иш алып барат. Анын ичинде Украинадагы саясий жана гуманитардык кризиске байланыштуу маселелерди талкуулоо жана ал боюнча эл аралык байланыштарды өнүктүрүү.

Мирошник Украина кризиси боюнча Россиянын көз карашын жана саясатын билдирүүчү адамдардын бири катары белгилүү. Ал Украинадагы кырдаал боюнча иш-чараларга жана талкууларга катышып, орусиялык көз караштарды эл аралык коомчулукка жеткирүүгө аракет кылып келет. Мисалы, Кыргызстанда уюштурулган талкууларда жана лекцияларда ал Украина кризисинин келип чыгышы, анын себептери жана анын келечеги боюнча Россиянын позициясын түшүндүрүүдө.

Кыскача айтканда, Родион Мирошник Россиянын Украина кризисине байланыштуу саясий орду чоң жана ал дипломатиялык деңгээлде кризисти чечүү үчүн талкууларды жүргүзүүгө катышат. Ошондой эле, Россиянын өз позициясын эл аралык аренада коргоодо активдүү иш алып барат.

Кыскача өмүр баянына токтоло турган болсок, Родион Валерьевич Мирошник — украиналык жана орусиялык коомдук ишмер, саясатчы жана дипломат катары таанымал. Ал 1974-жылы Луганск шаарында туулган. Билимин Т.Г. Шевченко атындагы Луганск педагогикалык институтунда алып, англис тили мугалими жана тарыхчы адистигине ээ болгон.

Эмгек жолун мугалимдиктен баштап, кийинчерээк медиа чөйрөсүнө өткөн. 1997-жылы Луганск облусунун мамлекеттик администрациясынын маалымат кызматынын жетекчиси болуп дайындалган. Ал 2005–2006-жылдары Украина Премьер-министри Виктор Януковичтин басма сөз катчысы болуп иштеген. 2007–2014-жылдары "Региондор партиясынан" Луганск облустук кеңешинин депутаты болгон.

Родион Мирошник 2014-жылдагы Украинадагы окуялардан кийин пророссиялык позицияны карманып, жакында өткөргөн жыйынында акылмандык, кыраакылык жана эрктүүлүк көрсөттү. Анын "клоунга" эмес, Украинага болгон сүйүүсү жана ошол өлкөдөгү кырдаалга өкүнүчү ачык көрүнүп турду. Мирошник, бир мамлекеттин "клоун" тарабынан башкарылып жатканына өкүнүп, анын дүйнө жүзүндөгү алдамчылыктын таасирине байланып калганын дипломаттык түрдө түшүндүрдү. Мирошниктин көз карашында, ачык сындабаса дагы Байдендин, Европадагы бир ууч топтун саясатынын курчагына айланган Зеленскийдин мындай түрдө башкаруусу өлкөнү кыйроого, талкалоого алып келе тургандыгын ички толкундарын сырттан байкадым. 

Мирошник - чынында мыкты дипломат экен. 

Гүлжан Шерипбаева, NazarNews

Последние новости