www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Келечекти башкаргың келсе, балдарыңа инвестиция сал. Мен жалгыздыкты сүйөм, бирок ажырашууну жактырбайм.

Акындын саатындагы жебе дайыма тескери айланат.

Генерал болуп алсаң болот, ал эми колбашчы болуп туулуш керек.

Реалдуулук бүткөн жерде искусство башталат.

Катуу шамал канаттарга күч берет.

Курсагы ток акын коопсуз.

Жазган сыяктуу эле ойлонгондо да катасы жок ойлонуш керек.

Асман – куштардын, периштелердин, анан идеалисттердин жайы.

Жалгыздык көпчүлүктүн арасында өзгөчө сезилет.

Ийгиликке жетишүү үчүн оригиналдуу жүрүштөрдү издеш керек.

Жабык эшикти сүзгүлөй бербей, форточкадан кир.

(Сергей Грек)

Башка-башка нерселерди кыялдангандар баары бир ажырашат.

Бир нерсени кыялдангандар сөзсүз жолугушат.

(Ремарк)

Жүрөктү жүрөк гана айыктырат.

(Владимир Виноградов)

Ар дайым сени өзүмдүн жашоомон чийип салайын деп жатканда сыя түгөнүп калат.

(Ринат Валиуллин)

Мага ээ болом деп жатып мени жоготуп алдың.

(Фредерик Бегбедер)

Жакын турганың – али жакындык эмес. Алыс болгонуң – али алыстык эмес.

(Марин Хайдеггер)

Дайыма муздак кишилерди жолуктурганыма караганда, мен өтө эле ысык адам окшойм.

(Сергей Есенин)

“Кимдир бирөө мени жолуктуруп, сүйүнсүн” деп тилек кыл.

Ошондо сен да кимдир-бирөөнү жолуктуруп, сүйүнөсүң.

(Эрик Берн)

Көп чекит – бутунун учу менен басып кеткен сөздөрдөн калган из.

(Владимир Набоков)

Жалгыз киши каякты караса да чөлдү көрөт.

(Антон Чехов)

Сенин жылаңач денең сенин жылаңач жандүйнөңдү сүйгөн кишиге гана таандык болушу керек.

(Чарли Чаплин)

Түнүң бейпил болсун, түн...

(Анна Ахматова)

Китеп – сүйлөшүү мүмкүн болбогон адамдар менен сүйлөшүүнүн эң жакшы жолу.

(Фредерик Бегбедер)

Сендеги жылуулук ондогон Африкага тең, сендеги муз он чакты Антарктидага тең.

(Роберт Рожденственский)

Мен сени эч качан унутпайм, өлгөнчө унутпайм. Мен көп жашайм, өтө көпкө жашайм, бул мага берилген жаза болот.

(Колин Маккалоу)

Көздөрүңдү карасам, батып бараткан күндү көрөм. Жүрөгүңдү карасам, чыгып келатканын күндү көрөм.

(Иосиф Бродский)

Тсс... Унчукпа. Кечиримди көздөрүң жакшы сурайт.

(София Серрано)

Мен сени унутканды унутуп коюпмун...

(Эрленд Лу)

Сүйүү – бул кимдир бирөө менен чогуу картайгың келгени.

(Эрих Мария Ремарк)

Анда жашаган бир кишини сүйүп калсаң, шаар сен үчүн бүтүндөй бир ааламга айланат.

(Лоренс Даррел)

Сизди көрбөй эки күн жашадым, демек, ар кандай кыйынчылыкты көтөргөнгө жөндөмдүү экем.

(Бернард Шоу)

Сенин жаныңда турганда мен музыкага айланам...

(Лорен Оливер)

Булак: Азия News гезити

Последние новости