www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Адам баласы Кудай сыяктуу баарын тегиз жана себепсиз сүйгөндү үйрөнө албай, төмөнкү катмардагы эгонун сүйүүсүнө байланып, мээрим төгүүнүн оордуна жалган "сүйүүгө" алданып азап чегип өтөт экен. Бул тууралуу академик, парапсихолог Лариса Асанбекова NazarNews маалымат агенттигине айтып берди.

-- Алтынчы ажо, 6 ажонун башын бириктирип чайлашканын, таарынычтарын айтышып сайрашканын, ынтымакта бир болууну көздөп талдашканын,анан бири-бирин кечиришип "майлашканын" айтпаган адам калбады окшойт

Мен саясаттан алыс адаммын, ошондуктан бул өткөн саамалыкка саясий көз карашта эмес, эниоинженер катары өз оюмду айткым келди. 

Адам баласы жер планетасына адам болуп жаралып келгендеги максаты, жашоо турмуштан кандайдыр бир нерсеге үйрөнүп, тажрыйба топтоп, окуучу бир класстан экинчи класска көчкөн сыяктуу бир тепкичтен экинчи тепкичке көтөрүлүп олтуруп, акырында жаратканга жакындоо менен бирге бир бүтүнгө айлануу болуп саналат. 

Ар бир адам, жараткандын алдында алган өз программасын аткарып, өз деңгээлин көтөрүүдө эң башкысы эки нерсеге үйрөнүү үчүн жаралат. Биринчиси-эч себепсиз сүйүүгө үйрөнүү, башкача айтканда жан-жаныбар, жаратылыш, жалпы адамзатты бирдей сүйүп, мээримдүүлүккө үйрөнүү болсо, экинчиси кечиримдүүлүккө, башкача айтканда кечирим суроого жана кечирүүгө үйрөнүш үчүн келет экенбиз. 

Бирок, Ч.Айтматов агабыз айткандай, адамга күндө адам болуу кыйынга тургандыктан ушул эки нерсеге үйрөнө албай, ордунан көчпөй калган окуучудай, Кудайдын сынагынан өтпөй ,бир эле өмүр эмес бир нече өмүрдү текке кетирет турбайбызбы. 

Кудай адамды өзүнө окшоштуруп жаратман кылып жараткан дейбиз. Ооба, Кудай асман, жерди, ай жылдызды, жан-жаныбар, жаратылышты, көзгө көрүнгөн да көрүнбөгөн ааламды жаратса, адам баласы ар кандай ачылыштарды жасап, асман тиреген шаарларды тургузуп, жашоо турмушуна керектүүнүн баарын жасап, жаратмандыгын көргөзүп келет. Ошондой эле Кудай мээримдүү жана кечиримдүү деген сөз да бар экенин баарыбыз жакшы билебиз. 

Демек, Кудай адамды өзүнө окшоштуруп сүйүү менен жаратса, анда адамдар да мээримдүү жана кечиримдүү болушу керек экени айтпаса да түшүнүктүү эмеспи. Бирок, адам баласы Кудай сыяктуу баарын тегиз жана себепсиз сүйгөндү үйрөнө албай, төмөнкү катмардагы эгонун сүйүүсүнө байланып, мээрим төгүүнүн оордуна жалган "сүйүүгө" алданып азап чегип өтөт экен. 

Ал эми кечиримдүүлүктүн дагы маани маңызына терең түшүнө албай, эго башкарып алгандыктан кечирим сураганды намыс көрүп, чын дилден кечиргенди билбей кек сактап жан дүйнөгө терс энергия чогултуп, адамдар өздөрү жашоосун , кармасын оорлотуп алышат. Же болбосо, кудай кечиримдүү деп ар кандай терс иштерди жасап, анан ооз учунан Кудайдан кечирим сурап койсо эле, же 5 маал намаз окуп, акча төлөп умрага, ыйык жерге барып койсо эле күнөөлөрү жуулуп кечирилип калат деп ойлошот. Жаман иштерди жасап коюп, кайра кечирим сурамыш болуп, өздөрүн эле эмес Кудайды да алдагысы келишет. 

Акыркы жылдары ажылыктын да алгачкы маанисин, баркын кетирип, модага айлантып жиберишти. Кудай кайсы улут кылып жаратса, ошол улуттун салтын сактап, баалуулугун барктабаса, тилин бузбай, дилин агартпаса, элин-жерин бабаларын даңктабаса, анда башка жакка барып миң сыйынса да кармасы тазаланып калбасын көпчүлүк билбейт. 

Ал эми 6- ажонун башка ажолордун башын бириктирип, ынтымакка биримдикке чакырганы жакшы жөрөлгө жана колдоого татыктуу. Жаманбы, жакшыбы алар биздин тарыхыбыз! 

Албетте, ынтымакка чакырып, баштарын бириктирүү кандайдыр бир тар чөйрөнүн кызыкчылыгы үчүн эмес, чын дилден ак ниеттен элдин биримдиги үчүн болгон болсо.

Ооба, өнүгүп-өсүш үчүн ынтымак, биримдик, тынчтык керек! Ар бир мамлекет башчысы өз кызыкчылыгын экинчи планга коюп, эл кызыкчылыгы үчүн ак кызмат кылып, эл кызыкчылыгын биринчи орунга чыгарышы зарыл. Ар бир ажо жөнөкөй катардагы адам эмес. Алар көпчүлүктөн суурулуп чыккан лидер жана эл башкарганга акылы, билими жетиштүү, эрки күчтүү, эл тарабынан да Кудай тарабынан да тандалган инсандар. 

Бийликке жөн адамдар келбейт.

Кудай дагы бийлик менен байлыкты адам баласын сыноо үчүн берет. Себеби, байлык менен бийликти төмөнкү катмардын терс энергиялуу кара күчтөрү башкаргандыктан, бийликке келген адамдын жан дүйнөсү таза, интелеги бийик, илим-билимдүү, акыйкатчыл, эрки күчтүү адам болбосо, терс энергиялуу кара күчтөр азгырып, алдап, ар кандай айла амал менен жолдон чыгарып буза баштайт. Бул дагы Кудайдын сынагы экенин көбү түшүнбөй азгырыкка алданышат. Ошондуктан бийликке келген көп адамдар тез эле жолунан тайып, адашуу жолуна түшүп 7 баштуу "ажыдаарга" айлана баштагандары ошондон.

Эмне үчүн эгемендик алган 30 жылдын ичинде 6 ажо алмаштырсак деле, биз каалагандай өнүгө албай жатабыз?

Так ушул суроо ар бирибиздин башыбызда бар. Карманын мыйзамы: "Эмне эксең ошону аласың", "Элине жараша падыша"-деген сөз да бекеринен айтылбайт. Жакшы эл башчы келиш үчүн, элибиз да ошого татыктуу болуш керек. Космостун "окшоштук, окшоштукту тартат", "ичиң кандай болсо, сыртың да ошондой ", "жогоруда кандай болсо, төмөн жакта да ошондой " деген мыйзамы бар. 
Ошондуктан ар бир адам өзгөрүүнү өзүнөн башташы керек. Эли жакшы болуш үчүн ажо өзү таза, акыйкат жана жакшы болуш керек же тескерисинче эл билимдүү, тартиптүү, мыйзам бузбаган таза болсо, анда ошондой таза инсан эл башчы болуп келет. Ошондо гана коом жакшы жагына өзгөрөт. 

Бул жыл каралыктан тазалоочу, ар кандай кырсык менен жазалоочу жыл. 

Кудай сактасын! Бирок Кудай дагы сактансаң сактайм деген. Ошондуктан, ар бир инсан жан дүйнөсүнүн тазалыгына кам көрүшү керек жана өзү гана жооптуу болоорун унутпашы керек. Ар бир адам кылып жаткан иш аракети, айткан сөзү үчүн жооп берчү кез келди. Бирөөнү далилсиз каралоо, себепсиз каргоо, калп айтып ушак таратуу өзүңөргө эле жамандык алып келээрин унутпагыла. 

Эми кайрадан 6-ажонун кечиримдүүлүк иш-чарасына келе турган болсок, албетте кек сактабай кечиришүү кандай жакшы! Бирок, кечиримди ажолор бири-биринен эле эмес, элден да сурашса жакшы болмок. Себеби, мамлекет 6 ажодон, бир ууч чиновниктерден эмес, элден турат эмеспи! Бирок, көпчүлүк эл кээ бир ажолордун кылган ишин кечиреби, кечирбейби ал башка кеп. Баардык эле күнөөлөр же карма сөз менен кечирим сурап койсо эле кечирилип, тазаланып калбайт. Кээ бир кармалар жети тукумуна чейин өтүп, өзү эле эмес урпактары да карманын катаалдыгын эки дүйнөдө тең башынан өткөрүшүп тийиштүү жазасын алышат. Ошондуктан, жаман иш жасаарда ойлонуп, толгонуп түбөлүгүңөрдү ойлоп иш кылгыла. Ылайым жерибизде тынчтык, элибизде ынтымак, биримдик болсун! Жараткан баарыбызды айтылбай келген апаатан, бөөдө келген кырсыктан, бейажалдан, каралыктан сактасын! Бар бололу, бир бололу!

Урматым менен академик, эниоинженер, парапсихолог Лариса Асанбекова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости