www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лариса Асанбекова: Тилемчиге колуна акча берүүгө болбойт

Ушул жерден окурманыбыз Бурулкандын "эмне үчүн акчаны колдон колго бербеш керек?" деген суроосуна жооп бере кетейин. Биз жогоруда бардык зат энергиядан турат деп айтканбыз. Адамдын денесинде жети чакранын жайгашканын да айтып өткөнбүз. Андан башка майда кырк тогуз чакра денебиздин ар кайсы жеринде (алакандарыбызда, тамандарыбызда ж.б.) жайгашкан. Мисалы, сиз бирөөгө акчаны берип жатканда, акча менен кошо байлыктын энергиясын кошо, колдон колго берип жатасыз. Ошондо сиздин акчаңыз гана эмес байлыгыңыздын энергиясы тиги адамга оошот да, кайра өзүңүзгө кайрылып келбейт.

Өзгөчө кайыр сурагандар, ичкендер, оорулуулардын терс энергиясы көп болгондуктан, сиз ал адамдарга байлыгыңыздын энергиясын гана берип тим болбостон, ал адамдын терс энергиясын өзүңүзгө тартып аласыз. Ал эми терс энергия эмнеге алып келээрин жогоруда айтып өткөнбүз. "Эмне үчүн кеч киргенде же караңгыда акчаны колдон колго бербейт?" Терс энергиялуу көзгө көрүнбөгөн жандыктар, күн баткандан таң атканга чейин активдүү, башкача айтканда энергиялары күчтүү болушат. Ошол себептен акчаны колго бербестен столдун үстүнө коюп же жерге таштап беришет. Мындай кылуу менен сиз байлыгыңыздын энергиясын эмес, жөнөкөй эле кагаз бергендей болосуз. Кээ бир учурда айласыз колдон колго берүүгө туура келген учурлар болуп калышы мүмкүн. Андай кезде эмне кылүү керек? деген суроо туулат. Албетте, андай учурлар көп эле болот деңизчи, бирок ал ситуациядан деле чыкса болот. Мисалы, сиз акчаны берип жатып, "купюраны сизге бердим,байлыгым өзүмдө калды" деген формуланы ичиңизден айтып койсоңуз, байлыктын энергиясы өзүңүз менен калат. Андан кийин эч нерседен коркпой каалаган убакта колго бере берсеңиз болот.

Көп учурларда колу буту жок мунжу же дагы кандайдыр бир дене мүчөсүндө мүчүлүштүктөрү бар адамдар кайыр сурап олтурганын көрүп калсаңыздар сөссүз түрдө кайыр бергиңиздер келет. Эми эстеп көрсөңүздөр, ошондой адамдарды көргөнүңүздөрдө кандай абалда болосуздар? Бооруңуздар ооруп, кейип кепчип жардам бергенге шашасыздарбы? Же болбосо кудайга жалынып, Жараткан, ушундай бөөдө кырсыктан сакта, ушундай абалга жеткире көрбө, алты санымды аман жаратканыңа ыраазымын деп айтып анан кайыр бересиздерби?Кайсынысы туура деп ойлойсуздар? Албетте экинчиси. Бооруңуз ооруп берген болсоңуз, терс энергияны тартып алган болосуз да, ошол адамдын тагдырын кайталап калуу коркунучу пайда болот.

Окурманыбыз Бурулкандын дагы бир суроосу "Дубанын ( магиянын) күчү менен, же ар кандай ырым жырымдардын жардамы менен байыса болобу?" дейт Албетте болот. Бирок ушул жерден дагы ар кандай суроолор туулары шексиз. Мисалы магия деген сөз кийинки убакта кандайдыр бир жамандык алып келүүчү курал сыяктанып, эл бул сөзгө кооптонуу менен карагандай сезилет. Магия деген сөз чындыгында көзгө көрүнбөгөн дүйнөнүн сырын үйрөтүүчү билим.

Тилекке каршы бул билим терс нерсеге (каргыш, көз тийүү, сөз тийүү, Порча) көбүрөөк колдонулгандыктан адамдарда магия деген сөздөн корккондукту, жана терс пикирди жаратат. Эл ичинде кара магия, ак магия деген түшүнүктөр да аз эмес. Космостук энергиянын ак же карасы болбойт. Мисалы күн баардык адамзатына бирдей тийген сыяктуу, космостун энергиясы да баарыбызга бирдей эле келет. Бирок кээ бир адамдар күндү каалабаса терезесин караңгылап алган сыяктуу эле, магиянын ак же кара болуусу ошол магияны жасап жаткан адамдын энергиясынын сапатына, күчүнө кандай максатты көздөөсүнө жараша ак жана кара болот. Мисалы энергиясы терс( ички дүйнөсү кир) адам жакшы нерсени көздөп магия жасаган күндө да бары бир жакшы болбойт.

Ак көйнөктүн бир аз жериндеги кирин кетириш үчүн кир сууга салып жуусаңыз ал көйнөк тазаланмак турсун баардык жери боз чамгыл болоору шексиз. Ошо сыяктуу байлык үчүн магияны ким жасады, сөзсүз ошол адамдын энергиясына жараша болот.

Окурманыбыздын дагы бир суроосу "магиянын күчү менен байыганда кийин жамандык алып келбейби? дейт. Алып келиши мүмкүн, эгерде жогоруда айтылгандай кара энергиялуу адамдын жардамы менен жасалса. Терс энергиялуу адамга, көзгө көрүнбөгөн дүйнөдөгү терс энергиялуу жандыктар (жин шайтандар) жардам бергендиктен, алар берген жардамын эселеп кайра сөзсүз түрдө алып коет. Ошол себептүү да "магияны колдонуу менен байуу зыянга учуратат" деген коркуу сезими пайда болуп калса керек. Дагы бир суроо ушундай ырым жырымдарга, магияга ишенсе болобу деген суроо экен.

Ишенүү ишенбөө ар бир адамдын өз эркинде. Эгерде сизде ишенбөөчүлүк күчтүү болсо, ал жасаган ырым жырымыңыздан эч пайда чыкпасы мүмкүн, же болбосо натыйжасы тескери болушу мүмкүн да өзүңүзгө байлык алып келмек тургай, бар нерсеңизди жок кылып алышыңыз мүмкүн. Бирок кээ бир ырым жырымдар сиздин ишенимиңизге көз каранды эмес.

Мисалы эртең күндүн чыгаарына ишенбейм десеңиз күн чыкпай калбаган сыяктуу эле ааламдын өз мыйзамына баш ийген ар кандай ырым жырымдар бар. Эми "байлыкка жасалган тумар, бай болгонго жардам береби?" дейт окурман. Мында деле ал тумарды кандай сапаттагы адам жасады? (зарядтады) же өзүңүздүн энергияңыз кандай? Ошого жараша болот. Мисалы өзүңүздүн байлыкка жооп берүүчү чакраныз туура иштебесе ал тумар сизге терс таасирин тийгизет, демек байлык келбейт, качат.

Дагы бир айтып кетүүчү сөз, азыр базарда тумардын ар кандай түрлөрү сатылып жатат. Мисалы көз мончоктор, үйгө тагылуучу тумар, машинеге тагылуучу тумар жана ар кандай тумардын түрлөрү толтура. Аны ар бир адам сатып алып эле үйүнө, машинесине, иштеген жерине тагып алуу таптакыр туура эмес. Ал жөн гана белгиси бар, жазуусу бар жөнөкөй эле буюм.

Жөнөкөй болсо да мейли дечи зыяны жок болсо. Ал буюмдан зыян тартып калышыңыздар мүмкүн. Мисалы ал буюмду кандай адам жасады, кандай адам сатты сиздер билбейсиздер да? Балким ошол буюмду жасап жатып бирөөгө жини келип, өлтүрүү жөнүндө ойлонуп жаткан болсочу? Ал адамдын ошол кездеги терс энергиясы жасалып жаткан буюмдун энерго талаасында калып калат. Эми ошол буюм сизге кандай кызмат кылат өзүңүз ойлонуп көрүңүз.

Ошондуктан андай тумарды сөзсүз түрдө мурунку информациядан тазалап, анан сиздин энерго талааңызга тууралап зарядтагандан кийин гана тумар өз функциясын аткара баштайт. Бардык нерсе оң жана терс зарядка ээ болгондуктан, сатып алган тумарыңар оң же терс экенине көзүңүздөр жетпесе, андай тумарды колдонбогонуңар эле жакшы.

Тумар оң энергиялуу болгон күндө да сатып алган адамдын энергиясы терс болсо терс таасирин тийгизет. Ошондуктан тумарды атайын энергия менен туура иштегенди билген гана адамга (специалистке) кайрылсаңыздар демекчимин. Космостук энергия менен иштегендин сырын, мыйзамын билбей туруп, кайдыгерлик менен "боло берет" деген маанайда иштегендер, өзүм билемдиктин жазасын албай койбойт.

Мисалы электро станцияга жакшы билген гана адис иштебесе, ток уруп өлүп калышы мүмкүн, же тогу бар зымды колуңуз менен кармаганда эмне болооруңузду элестетип көрүңүз. Ошондуктан "бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун" дегеней ар бир иштин өзүнүн адиси болуш керек.

Лариса Асанбекова.,  Академик, эниоинженер

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости