www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Илон Маск Кытайга учуп келди

Кытай дүйнө жүзүндөгү ишкерлердин, анын ичинде америкалык ишкер Илон Масктын өлкөгө келишин кубаттайт. Бул тууралуу бүгүн, 30-майда Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мао Нин Пекиндеги ведомстволук маалымат жыйынында билдиргенин NazarNews маалыматтык агенттигине кытайлык CCTV plus агенттиги маалымдады.

Электр унаасын чыгарган Tesla компаниясынын башкы директору Илон Маск 30-майда Пекинге конду. Ал Кытайдын жогорку бийлик өкүлдөрү менен жолугуп, Шанхайдагы Тесла заводуна барат деп күтүлүүдө.

Илон Масктын сапары тууралуу комментарий берип жатып, Мао Нин мындай деди: “Кытай алар өлкөнү жакшыраак түшүнүшү жана өз ара пайдалуу кызматташууга көмөктөшүүсү үчүн ар түрдүү өлкөлөрдүн соода жана өнөр жай чөйрөлөрүн өкүлдөрүнүн, анын ичинде Илон Маск мырзанын өлкөгө визитин ар дайым кубаттайт".

"Кытай жогорку деңгээлдеги ачыктыкты илгерилетүүгө жана рынокко багытталган, мыйзамга негизделген жана эл аралык бизнес чөйрөсүн түзүүгө чечими бекем. Биз чет элдик ишканалардын Кытайга инвестиция салып, өнөр жайды өнүктүрүүгө, Кытайдын рыногун терең изилдөөгө, жана өнүгүү мүмкүнчүлүктөрүн бөлүшүп жаткандарына кубанычтабыз” , - деп кошумчалады ал.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости