www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда аралаш никеден төрөлгөн балдарга автоматтык түрдө орус жарандыгын берүү пландалууда. Бул тууралуу өлкөнүн тышкы иштер министри Сергей Лавров чет мамлекеттерде жашаган орусиялыктардын дүйнөлүк конгрессинде сүйлөп жатып билдирди. «Аралаш үй-бүлө кайсыл жерде жашабасын, алардын баласы Орусияда же чет өлкөдө төрөлгөнүнө карабастан, Конституцияга ылайык наристе автоматтык түрдө орус жарандыгын алышы керек деп эсептейбиз», – деди Лавров.

Мамлекеттик Думанын вице-спикери Анна Кузнецова министрдин бул сунушун колдоду. «Көптөгөн үй-бүлөлөр үчүн автоматтык түрдө Орусиянын жарандыгын алуу пайдалуу болуп, түрдүү маселелерин чечүү жеңилдемек. Бала чоңойгондо кайсыл өлкөнүн жарандыгын аларын өз алдынча чечип алмак», — деди ал.

Орусиянын мыйзамдарына ылайык, ата-энесинин бирөө орус жараны, экинчиси чет өлкөлүк болгон учурда бала азыр деле орус жарандыгын жөнөкөйлөштүрүлгөн тартипте алса болот. Бирок ал үчүн тиешелүү органдарга арыз берүү талап кылынат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости