www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Талибандын" өкмөт башчысынын орун басарынын милдетин аткаруучу Абдул Салам Ханафи баштаган делегация 16-октябрда Өзбекстандын Термез шаарына келди. Талибдер 15-августта Ооганстанда бийликти басып алгандан бери алардын жогорку даражалуу өкүлү Өзбекстанга алгач ирет сапар жасады.

Ханафи менен сүйлөшүүлөрдү өзбек тараптан премьер-министрдин орун басары - инвестиция жана тышкы соода министри Сардор Умрзаков жетектөөдө. Өзбекстандын расмий маалыматына ылайык, Ханафинин сапары буга чейинки макулдашууларды ишке ашырууну көздөйт.

Өзбекстандын тышкы иштер министри Абдулазиз Камилов 7-октябрда Кабулга жумуш сапары менен барып, бир катар макулдашууга кол коюлган. Камилов анда "Талибан" өкмөтүнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Амир Хан Муттаки менен жолугушкан. "Талибандын" Тышкы иштер министрлигинин маалыматына караганда, ал жолугушууда транзит, энергетика жана соода маселелери талкууланган.

Абдул Салам Ханафи - этникалык өзбек. Буга чейин "Талибандын" Катардагы кеңсесиндеги жетекчилердин бири болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости