www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сох анклавында аэропорт курулуп бүттү

Кыргызстандын Баткен облусу менен чектешкен Өзбекстандын Фергана облусуна караштуу Сох районунда жаңы аэропорттун курулушу аяктады. Фергана облустук акимчилиги жалпы аянты 7 гектар, учуу-конуу тилкесинин узундугу 700 метр түзгөн аэропортто жакында сыноо иретиндеги учуулар аткарыла баштай турганын кабарлайт.

Маалыматка караганда, курулуш иштерине дээрлик 7 миллиард сум жумшалган аэропортто күтүү залы, тамактануу, соода кылуу жана эс алуу жайлары, ошондой эле учуу-конуу тилкеси бар. 350 чарчы чакырым аянтты ээлеген Өзбекстандын Сох району Кыргызстандын Баткен облусу менен курчалып турат. Өзбекстандан Сохко баруу үчүн Кыргызстандын аймагы аркылуу болжол менен 20 чакырымдай жол жүрүүгө туура келет.

Анклавды Өзбекстандын негизи аймагы менен байланыштырган Сох-Риштан унаа жолу 2013-жылы кыргыз-өзбек чек арасындагы чырдан кийин бир тараптуу жабылган. Быйыл апрелде бул жолдогу "Кайтпас" жана "Өтүкчү" чек ара бекеттери ачылып, жүргүнчү ташыган унаалар өткөрүлө баштаган. Азырынча бул бекеттер аркылуу жүк ташыган автоунаалардын өтүүсүнө уруксат жок.

Сох районунун жана аны менен чектеш кыргыз айылдарынын тургундарынын ортосунда турмуш-тиричилик маселелерине байланыштуу жаңжалдар болуп келет. Алардын акыркысы 2020-жылы май айында Кадамжайдын Чечме айылы менен Сохтун Чашма айылынын жашоочуларынын ортосунда булак талаштан улам чыккан. Анда 187 өзбекстандык ар кандай жараат алып ооруканага түшкөн. Алардын үчөөнө мылтыктын огу тийип, бир нече турак жай өрттөлгөн. Күбөлөр жараат алгандардын көбү өзбек аскерлеринин элди тынчытуу аракети маалында жабыр тартканын айтышкан.

Кыргызстандын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, Сохтогу чатактан Кыргызстан тараптан 25 киши түрдүү жараат алып, эки адам оор абалда ооруканага түшкөн. Бул окуядан кийин эки өлкө ортосундагы чек ара жабылып, Сохтун жашоочулары блокадада калган. Кийинчерээк Өзбекстанда "2020-2021-жылдары Сох районун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча чаралар тууралуу" президенттин токтому кабыл алынган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости