www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: nazarnews.kg@gmail.com www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
АКШнын жаңы президенти Дональд Трамптын администрациясы тушунда Батыш гегемония үчүн биримдикте аракеттенет. Мындай пикирди Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров билдирди. Анын сөздөрүн ТИМдин басма сөз кызматы таратты.
«Коллективдүү Батыштын гегемонисттик аракеттери баарына айкын, ал Вашингтон тарабынан мурунку администрация тушунда эле "курулган". Бул администрация тушунда "куруу" дагы биримдикте жана тыгыз болот деп ойлойм», — деди Лавров.
Анын айтымында, бул аракеттер Россияга, Кытайга, Иранга жана Түндүк Кореяга каршы багытталган, ошондой эле өз кызыкчылыктарына ылайык көз карандысыз жана суверендүү саясат жүргүзгөн башка бардык мамлекеттерге да таасир этет.
Буга чейин, январь айында, Лавров Россия менен АКШнын диалогун калыбына келтирүү шарттары тууралуу сүйлөгөн. Анын айтымында, бул Россиянын кызыкчылыктарын канчалык деңгээлде эске алаарына жараша болот. Ошондой эле ал АКШда Россияны «америкалык гегемонияга экзистенциалдык коркунуч» катары кабылдаган эки партиялуу русофобиялык консенсус түзүлгөнүн белгиледи. Лавров тышкы иштер министрлиги АКШдагы бийлик жаңылануусуна ашыкча үмүт артпай турганын жана президенттикке байланыштуу иллюзиялар жок экенин кошумчалады.