www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Оор мезгилдерде эки ирет тышкы иштер министри болгон Руслан Казакбаев саясаттын чордонунда роль ойной баштады. Албетте, ачык эмес. Москвадагы үлкөн достору Лавров жана Козак менен тыгыз байланышта болуп, тымызын түрдө катуу киришкендей...

Эл аралык саясый айдыңда экс-министрди жогорку деңгээлдеги дипломат катары баалашаары, саясый салмагына жараша мамиле кылышаары ырас. Кыргызстандагы алдыңкы лидерлердин сап башында тураары калетсиз.

Ошон үчүн орустардын ордосунда аброю бийик болуп атат да. Мындай ыргак менен кете берсе, кыргыз саясатын өзгөртүүгө жетишеби? Баардык күчтөрдүн башын кошууга, бириктирүүгө жөндөмдүү экени, уюштуруучулук дарамети жетээри болжолдонууда.

Бүйүр кызыткан бир маселе: Руслан Казакбаев өзүнүн саясый секириги үчүн иштеп атабы, же Өмүрбек Бабановду көтөрүү менен ээрге отургузабы? Мына ушул жагын да ажырата билүү керек.

Булак: Азия News гезити

Последние новости