www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги (Мамкурулуш) кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасында куралдуу жаңжалдын жүрүшүндө Баткен облусундагы жабыркаган калктуу пункттардын башкы пландарын иштеп чыгуу боюнча иштерди баштады.

Ведомстводон билдиришкендей, жумушчу топ Баткен районунун Достук, Капчыгай жана Ак-Сай айылдарынын башкы пландарын иштеп чыгууда.

"Азыркы учурда долбоорлонгон участокторго изилдөө жүргүзүлүп, иштин көлөмү аныкталды. Айыл округдарынын башчылары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана жергиликтүү калк менен жолугушуулар өткөрүлдү", - деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетүүчү нерсе, башкы пландарды иштеп чыгууда бардык компетенттүү пикирлер жана сунуштар эске алынууда.

Эске сала кетсек, үстүбүздөгү жылдын 14-17-сентябрында Тажикстан куралдуу агрессия көрсөтүп, мурда сүйлөшүлгөн бардык макулдашууларга карабай, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын бардык периметри боюнча, тактап айтканда, Баткен облусундагы жана Ош облусунун Чоң-Алай районундагы чек аралык жана жарандык объекттерге чабуул жасаган.

140 миңге жакын кыргызстандык чек арага жакын калктуу конуштардан эвакуацияланган.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, куралдуу кагылыштан 62 кыргызстандык (аскер кызматкерлери жана жай тургундар) шейит болуп, 198 киши жабыркады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости