www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Лавров: «Россия АКШга Кыргызстандагы аскер базасын чогуу пайдаланууну сунуштаган эмес»

Лавров: «Россия АКШга Кыргызстандагы аскер базасын чогуу пайдаланууну сунуштаган эмес»

Журналист: ЭЛИЗА ХАМРАЕВА
22.07.2021, 16:30
5206
|

Россия Америкага Афганистандагы кырдаалды жөнгө салуу үчүн Кыргызстан менен Тажикстандагы базаларды колдонууну сунуштаган эмес. Бул тууралуу РФтин ТИМ башчысы Сергей Лавров «Интерфакс» агенттигине берген маегинде билдиргенин Россиянын Кыргызстандагы элчилиги кабарлады.

«ЖККУнун жамааттык аракет көрүүчү күчтөрүнүн курамына кирген базага америкалыктарды кантип чакыра алабыз? Союздаштарыбызга маалымат бербей, кеңешпей туруп чечим кабыл ала албайбыз», — деген Лавров.

Ошондой эле министр Москва кеңири үчилтикте, тагыраагы, Пакистан дагы кошула турчу Россия — Кытай — АКШ форматынын алкагында Афганистандагы кырдаалды жөнгө салууга жана маалымат алмашууга көмөктөшүүгө даяр экенин айткан.

Белгилей кетсек, буга чейин ЖМКлар Россиянын президенти Владимир Путин июнь айында өткөн Женевадагы саммитте Американын лидери Жозеф Байденге афган багытындагы кадамдар менен иш-чараларды макулдашып алып барууну сунуштаганын жазган. Андагы маалыматтарга таянсак, РФ лидери Кыргызстандагы жана Тажикстандагы Россиянын аскер базаларын Афганистандагы кырдаалды көзөмөлдөө үчүн пайдалануу демилгесин көтөрүп, сунуш киргизген.

Булак: NazarNews.kg



Поделитесь с друзьями