www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
22 жаштагы Британиялык Линдсей Хокер 2007-жылы 24-мартта Токиодо зордукталып өлтүрүлгөн. Линдсейдин үйүнүн кире беришинен бейтааныш жигит англис тилин үйрөтүүгө жардам берүү өтүнгөн. Кыз сунушуна макул болуп, төрт күн өткөндөн кийин кыз дайынсыз жоголуп кеткен.
Жабырлануучунун кан жалаган жылаңач денеси ваннадан табылган. Окуя болгон жерди жана сөөктү текшерүүдө улам жаш мугалим көз жумардан мурун зордукталгандыгы аныкталган. Ал эми Хоккердин денеси көкала болуп, чачын кырдырып салган.
Көп өтпөй кызды өлтүрдү деп шектелген адамдын ким экендиги белгилүү болду. Бул 28 жаштагы англис тилин үйрөнүп жаткан Тацуя Ичихаши болуп чыкты. Полиция шектүүнүн үйүн тинтүүгө алганда, ал качып кетүүгө үлгүргөн. Көптөн бери адам өлтүрүүнү иликтеген укук коргоо органдары шектүүнү кьп убакыт таба албай коюшкан. Кылмышкердин сүрөттөрү шаардын ар тарабына илинген жана тапкандарга сый акы берилет деген аракеттери да эч кандай жыйынтык берген жок.
Ичихаши жөнүндө маалыматты пластикалык хирург билдирген, анын пациенти киши өлтүргүч болуп чыкты. Көрсө, жигит Окинава аралына качып кетип, 14 ай курулуш компаниясында иштеген экен. Ал пластикалык операция жасаткан: хирург мурдунун көлөмүн чонойтуп, көзүнө кош кат коштуруп, эриндерин жукартып, жаагындагы меңдерди алып салган.
Натыйжада, бир нече жыл өткөндөн кийин, шектүү Окинава аралына өтүү үчүн кайыкка отурайын деп жатканда, колго түшкөн. Чиба соту Ичихашини өмүр бою эркинен ажыраткан.
Булак: NazarNews.kg